Төбөсүнө кара булут айланып, Ленин райондук сотунда суралып жаткан  Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата өкүм чыкканы калды. Прокурорлор Салянованын күнөөсү далилденгенин айтышып, сегиз жылга эркинен ажыратууну сурашты. Факты катары Салянова Алексей Елисеевдин жактоочулук күбөлүгүн узарткандан кийин, ал Кыргызстандагы кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп, Латвияда жашоого уруксат жана качкын макамын алганын, жактоочулук күбөлүгү менен ал укуктук кеңеш берүүчү сайт ачканы жүйө келтирилди. Ошондой эле Елисеев 2010-жылы издөөгө алынганына карабастан, Салянова күбөлүктү узартууда бул жагдайды эске албаганы дагы айтылды.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here