Биринчи вице-премьерминистр Дүйшөнбек Зилалиев: Зилалиев чехиялык «Liglass Trading» компаниясынын афферисттиги тууралуу айтылганда, «Ал ишеничтүү компания, мен кепилдик берем» – деген. Эми  айткан сөзүнө туруп жооп берсин. Аталган компания келишим бузулса Кыргызстанды эл аралык сотко берем деп коркутуп жатыптыр. «Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат» деген ушул. Шылуундар менен табакташ болуп, Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүргөндөр жоопкерчилик тартышы абзел. Өзгөчө Дүйшөнбек Зилалиев колу менен жасаганды мойну менен тартышы зарыл. «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» коюп, түштөн кийин «Liglass» менен соттошууга даярбыз деп өлүмүш болуп тантыбай…

Деги бул Зилалиевдин дени-карды соо немеби? Мамлекеттик үлкөн кызматта туруп, Сооронбай Жээнбековду колдоп бергиле деп үгүт жүргүзүп жатат. Ушундайлар калп эле жан тарткан сөздү айтымыш болуп, түпкүлүгүндө бийликти атайлап элге жек көрсөтүп жатат, тымызын былгытып. Максаты башка, колтугунда каткан котур ташы бар, бул жигиттин… Эмитеден тизгинин тартуу керек.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here