БШКнын 2 жумушчу тобу Чубак ажы Жалиловдун президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөшү боюнча ар башка чечим чыгарды. Бул тууралуу кечээ, 24-сентябрда белгилүү болду.
Мурда талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлү Эрик Ирискулбеков жана башкалар БШКга Ч.Жалиловдун сүйлөгөн сөзүнө даттанып, талапкерге кат түрүндө эскертүү берүүнү суранышкан. Алар Ч.Жалилов уламалар кеңешинин мүчөсү болгондуктан үгүт иштерине аралаша албай тургандыгын белгилешкен.
С.Жээнбековдун өкүлдөрү аталган жолугушууда С.Жээнбеков конок гана болгондугун, элди президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев чогулткандыгын билдиришкен.
Кечээ, 24-сентябрда арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушту топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев жумушчу топ К.Ташиевге эскертүү берип, Ч.Жалиловго 2 миң сом айып салуу чечимин чыгаргандыгын билдирди.
«С.Жээнбековго эскертүү берүү жөнүндөгү пунктту канааттандыруудан баш тартылды. Биздин топто 6 адам бар. Биздин чечимди 4 адам колдоп, экөө каршы болду», — деди ал.
Шайлоо алдындагы эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушту топтун жетекчиси Назарали Арипов анын жумушчу тобу С.Жээнбековго эскертүү берүү чечимин кабыл алгандыгын белгиледи.
«Чубак ажы Жалилов диний уюмдун мүчөсү болуп саналат», — деди ал.
Арипов буга катар эле, жумушчу топтун 9 мүчөсүнүн бешөөсү отурумга катышып, анын ичинен 3 адам аталган чечимди колдогондугун белгиледи.
БШКнын мүчөсү Елена Жылкычиева азыр прецедент жаралып жаткандыгын кошумчалады.
БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева Ч.Жалиловдун сөзүндө кандайдыр бир деңгээлде ишеним маселеси козголгондугун же козголбогондугун сурады.
С.Жээнбековдун өкүлү Жылдыз Сманбаева Ч.Жалилов өз сөзүндө КРнын жараны катары сүйлөп жаткандыгын бир нече жолу айткандыгын билдирди.
«Чубак ажы Жалилов бир нече жолу КРнын жараны катары сүйлөп жаткандыгын айтты. Шайлоочу катары паспортун көрсөттү», — деди ал.
БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Ч.Жалилов диний уюмдун өкүлү эмес экендигин билдирди.
«Кыргызстан — светтик мамлекет. Албетте диний бийлик шайлоо процессине кийлигише албайт. Бирок ким өкүл экендигин карап көрөлү. Башка бирөөнүн атынан сүйлөп жаткан ким экекндигин аныктадым. Өкүлчүлүк милдетти уюмдун жетекчиси жана анын орун басары гана аткара алат», — деди ал.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова мындай жагдай 2015-жылы да болгонун белгиледи.
«БШКнын жумушчу тобу Чубак ажы Жалиловду үгүт иштеринде колдонгондугу үчүн «Кыргызстан» партиясына эскертүү берген», — деди ал.
БШКнын мурдагы мүчөсү, С.Жээнбековдун учурдагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бири Рашид Бекбасаров А.Абдрахматовага жооп катары, «Кыргызстан» партиясына чечим кабыл алууда негизги пункт эреженин кайталанып бузулганында болгонунун айтты. «Чубака ажы Жалиловго жумушчу топ эскертүү берген», — деди ал.
Н.Ариповдун жетекчилиги астындагы жумушчу топтун долбоорго добуш берүү чечиминин жыйынтыгында БШКнын 4 өкүлү макул экендигин билдирсе, калган көпчүлүк каршы болду.
Талкуунун жүрүшүндө А.Асаналиевдин жетекчилиги астындагы жумушту топтун чечими оңдолду.
«Э.Ирискулбековдун, А.Турдукуловдун жана «Жарандык коргонуу» коомдук фондунун өкүлүнүн арызынын бир бөлүгүн канаттандырылсын. Бардык конфессиянын өкүлдөрүнө үгүт иштерине катышпоо тууралуу билдирип жана президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевге жазуу түрүндө эскертүү берүү боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылуу жолдонсун», — деп окуду А.Асаналиев.
Жаңыланган чечимге БШКнын 7 мүчөсү добуш берди.
Булак: .turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here