Белгилүү болгондой  Азиз Батукаев кыргызстандан кызыл килем төшөлүп, атка минерлер тарабынан  өз  мекени Чечняга узатылгандан көп өтпөй, Москвадан мыйзамсыз мылтык алып жүргөндүгү үчүн кайрадан абакка түшкөн болчу. Андан кийин мас болуп алып Mercedes Benz 500 үлгүсүндөгү машинеси менен катуу ылдамдыкта баратып  «ВАЗ 2110ду» ашып өтүү ниети ишке ашпай, аны оңдурбай сүзүп, качып кеткен. Кылмыш Чечениянын Старые Атаги айылында болгон. Айдоочу ошол жерден дароо жан берген. Бул кылмыш иши ачыкка чыкканда Батукаев жана анын командасы кырсыктан каза болгон  Магомед Ампукаевдин жакындары менен сүйлөшүү жүргүзүп, бул ишти  өз ара жаап, келишип алууга жетишкени менен Батукаевди милиция издөөгө алган.  Эми бул иш боюнча 4 жылга соттолуп жатканы тууралуу ЖМКга маалымат тарады. Ал эми биздин Башкы прокуратуранын бир нече жылдан бери Батукаевди Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча аракетинен эч кандай майнап чыккан жок. Биздикилер да «апенди» кызыл килем төшөп чыгарып жиберишип, кайра уят болуп сурап коюшканына жөн гана күлкүң да, кыжырың да келет…

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here