Тажикстанда өлгөн адамды жерге берүүдө жана аза күтүүдө киргизилген жаңы тартиптер кызуу талкууга алынууда.
Ага ылайык, мындан ары маркумду жерге берүү зыйнатында катуу кыйкырууга, чачын жулууга, кийимин, бетин тытууга жана кошокчуларды чакырууга тыюу салынат. Өлгөн адамдын жакындары акырын гана “үн” чыгара алат.

Аялдардын көк түстөгү кийим кийүүсүнө уруксат берилет, бирок кара жамынууга тыюу салынат.

Аза күтүү иш-чараларынын тартибин Дин иштери боюнча комитети Уламалар кеңеши жана Тажикстандын Ислам таануу борбору менен бирге даярдады. Азырынча документ сунуш мүнөзүнө ээ, бирок мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, милдеттүү түрдө аткарылышы керек болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here