– Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы коомчулукта катуу сындалууда. Шайлоо астында өткөн мындай жолугушууну сиз кандай баалайсыз?

– Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо – кыргыз элинин укугу. Талапкерлердин Астанага же Москвага колдоо издеп барганы уят болот. Анын үстүнө үгүт иштери жүрүп жатканда мындай жолго баруу өтө эле уят көрүнүш. Кыргыз элин башка улуттан төмөн койгон туура эмес.

– Бабанов муну менен казактарга кыргыздарды көз каранды кылып жаткан жокпу?

– Казакстан биз сыяктуу эле мамлекет. БУУда деле биз менен тең укукта. Кыргызстандын Казакстандан эч кандай кеми деле жок. Керек болсо тарыхта биз казактарга караганда улуу элбиз. Андыктан шайлоо астында алардан бата сураган туура эмес.
Бабановдун бул аракети шайлоо мыйзамдарына да, салттуулукка да туура келбейт.

Булак: Курч

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here