Бишкектеги Тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Кырсык бүгүн, 20-сентябрда болду.

Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, аларга билдирүү таңкы саат 5.00дө келип түшкөн. Маалыматка ылайык, Түштүк магистралда Тез жардам кызматынын унаасы оодарылып кеткен, анын ичинде фельдшер, реаниматолог, айдоочу жана бейтап болгон.

Күч органдарынын маалыматына караганда, жолго чуркап чыга калган иттен улам айдоочу рулду буруп ийгенде унаа аласалып кеткен.

Фельдшер Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда оор абалда жатат.

Булак:Спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here