26 жаштагы модель  Пикси Фокс өмүр бою «керемет-айым» болууну кыялданып, 6 кабыргасын алдырып, белин 35смге ичкерткен.

Модел «Спящая красавица» мультфильминдеги Авроранын жана  «Кто подставил кролика Роджера» мультфильминдеги Джессико Реббиттин келбетин алгысы келген деп жазат  Dni.ru. басылмасы.

Модель кыялындагыдай келбетке ээ болуш үчүн өзүнөн  акча да аяган эмес жана операциядан корркон эмес. Буга чейин келбети 76-60-86 параметр болгон. Эми кабыргасын алдырып, көкүрөгүн чоңойткондон кийин 96-35-96 параметр болуп калды. 

Кабыргадан башка жүзүнө дагы бир нече пластикалык операцияларды жасаткан: эринин көптүргөн, көзүнүн өңүн өзгөрткөн, ээгин оңдоткон ж.б.

Акыркы 4 жылдын ичинде жалпы операцияларга 676миң доллар короткон.

«Элдер мага келип мультфильмдеги каарманга окшоп калганымды айтышат. бул мен үчүн-комплимент, ушул үчүн аракет кылганмын. Бул аялдардын кыялындагы келбет. Мага ичек бел, чоң жамбаш, көкүрөк, бакырайган көз жана сүйкүмдүү бет жагат»-деп айткан Пикси Фокс

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here