17-сентябрда Бабанов-Төрөбаев тандеми жарыяланган Жалал-Абаддагы жолугушууда эл алдына чыгып, бул эки талапкерге бата берген ажы аксакал элден кечирим сураганы тууралуу видео кыргыз интернет айдыңына тарады. Анда адегенде аксакалдын ошол жолугушууда бата берип жаткан учуру кыскача камтылып, андан бир күндөн кийин кайсы бир мааракеде отуруп сүйлөгөнү, жердештеринен кечирим сураганы тартылган тасма коюлган.

“Кечээ кайра-кайра чакырышты. Машина жиберебиз дешкенинен өзүмдүн машинам менен эле барам дедим. Өзүм да ошол жакка тойго бармакчы элем. Баратып кире калсам “бата бериңиз” деп калганынан эл алдына чыгууга туура келди. Бата берип бүтсөм миң сом сунушту эле бата сатылбайт деп албай койдум. Чайга чакырды эле анысына да барбай, өз жолум менен кеттим. Мени кечирип койгула”, — дейт аксакал ал кыска тасмада.

Мунун алдында Бабановдун эл менен жолугушууларын алып барып жүргөн белгилүү куудул Абдылда Иманкулов да андан түңүлгөнүн айтып, талапкерге кошулуп калп айтканы үчүн элден кечирим суроо менен ал сөздөргө ишенбөөгө чакырган.

Кыргызстанда 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого жалпысынан 13 талапкер катталган. Алардын экөө – Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев 17-сентябрда тандем түзгөнүн, жеңишке жетсе Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр болорун жарыялашкан

Булак: кабар 24

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here