Жаз мезгили,саат болжол 17:00 чамасы болуп калган эле. Мен адаттагыдай эле машыгып,чуркап келе жаткан элем. Аңгыча жаан аябай катуулап кеткендиктен үйгө кетүүнү тура көрүп, үйдү көздөй чуркап бара жаттым. Бир убакта аял кишинин ыйлап жатканы угулду. Дароо жетип бардым. Барсам бир каарыган эне, үстүнө да жеңил кийим кийип алган экен. Жада калса мага да көңүл бурбай шолоктоп ыйлап жатты! Үстөмдү спартивкамды эненин жоонуна жаптым дагы,минтип сөз баштадым!
—Сизге эмне болду? Сизге жардам керекпи? деп гана сурадым.
Анда Эне!
— Жоок уулум мага жардам керек эмес! Мен болгону ичиме арманым батпай, ошол үчүн өкүнүчтөн өксүп ыйлап жатам деди! Эне.
Эмнегедир бул адамдын эмне үчүн ушунчалык ыйлап жатканын билгим келди.
— Айтыңызчы эмне үчүн мынчалык ыйлап жатасыз? Балким сизге жардамым тийип калаар! дедим.
Анда ал адам мени карап.
—Уулум мага берген тагдырды бир дагы Эне ге бербесин! Мен көргөн күндү бир дагы эне көрбөсүн!
Деди да, көзүнүн жашын аарчып,
— Менин мынчалык ыйлап жатканымдын себебин билгиң келсе, анда мени ук! Деди да сөзүн баштады!

—Ал убакта мен болгону 50 жашта болчумун, өзүмдүн 5 уулум бар болчу! Жолдошум бешинчи уулубуз жарык дүйнөгө келгенде баласын көрөм деп шашып келе жатып, жол кырсыгынан каза болгон! Жолдошум каза болгондон кийин балдарымдын жашоосу кандай болот? Деп көп убакытка чейин ойлонуп ыйлап жүрдүм! Бирок балдарымды атасын жогун билдирбей апа десе апа болуп, ата десе атасы болуп, эптеп өстүрүп окутуп чокуттум. Эң чоң уулум атасына окшоп аракетчил болуп өстү. Ошол аракетинен улам чоң жумушта иштеп жүрдү! Шаарга заңгыраган там салды да, бизди шаарга алып кеттии. Ошентип абдан жакшы жашап жүрдүк. Бир күнү 13:00 чамасында чоң уулум үйгө сүйүнүү менен кирип келди!
— Апа! Караңызчы мен машина алдым! Эми сиз жөө жүрбөйсүз деп сүйүнүп жатты.
Негедир башкача болуп турдум уулумдун унаа алганына сүйүнбөй негедир кайра башкача болуп турдум. Жүрүңүздөр баарыңыздарды машинага салып шаар кыдыртам шаар кыдырабыз деди! Мен болбой үйдө эң кичүү эки уулум мн калдым. Ал чоң уулум болсо өзүнөн кийинки эки инисин салып алдыда машинаны айдап кетишти. Түн жарымы болду, негедир кеткен балдарым жоок, үйдөгү кичекей балдарыма телефон чалдырсам,өчүк экен! Деп жатышты.

Бир убакта үйдөгү телефонго бирөө чалды.
— Аллоо?
— Алло, Саламтсызбы?
— Саламатчылык! А бул ким?
— Мен ооруканадан чалып жатам. Алиев Айдар,Айбек,Акыл деген сиздин балдарыңызбы? Деди.
— Ооба, менин балдарым! Эмне болду балдарыма??
— Сабыр кылыңыз! балдарыңыз жол кырсыгына учураган! Азыр биздин ооруканада, деп дарегин айтты!!!

Муну уккан жаным, эмне кылаарым билбеей,катуу ыйлап жибердииим.

Эки уулумду үйгө таштап, ыйлаган бойдон ооруканага жетип бардым!
Көрсө балдарым мен баргыча эле каза болуп кетиптир. Бул нерсени уктумда эмне кылаарым билбей ыйлап жаттым! Акыркы жолу балдарымды көрөйүн деп уруксат алып көрдүм такыр таанылбай калган бети башында бир соо жерлери жоок.

— Оо,кудай бул эмне кылганың, бирдей үч уулуман айрылтканың эмне?.

өзүмө өзүм кол жумшаганы барып, кайра эки уулумду ойлодум. Ошентип эптеп күн өтүп жатты.

Бир күнү эки балам келип, чоңу мындай деп айтты!!!

—Апа! Мен дос балдарым мн Москвага барып иштеп келейин! Сиздерге акча салып турам деди!!!

Мен дароо каршы болдум.

— Коой, уулум ! Сен кетсең биздин күнүбүз кандай болот?

Бирок сөзүмдү укпай кетип калды. Айла жоок ыйлап эле кала бердим!

Арадан 2 жыл өтүп кеттии бирок, Москвадагы уулумдан кабар жоок. Күндө жол карап отуруп ыйлап алам.

Убакыт өтүп жалгыз балам да үйлөндү эл катары той бердик.

Уулум мн келиним абдан жакшы мамиледе болчу, бирок келиним мага такыр сүйлөбөйт жаман көргөндөй эле сезилет!

Бир күнү уулум.
— Апа, жүрүңүз сизди эс алууга жакшы жер бар ошол жака алып барам деп. Алып барды ал жерге мени таштап өзү кетип калды анан баламды күтүп жүрдүм качан келип, мени алып кетет деп.

Ошентип бир күнү бир мен теңдүү адам мн сүйлөшүп, башыман өткөнүн баарын айтып бердим. Ал мени карап абдан ыйлады да 3 уулуң жолдон каза болсо, Бир уулуңдун дайыны жок эми анысы ааз келгенсип, кичүү уулуң минтип сени каарылар үйүнө таштап кеттиби? деп ыйлап жатты.. муну укканда жүрөгүм зыр дей түштү. Мен эс алууда жүрөт экенмин десем, көрсө балам аялынын сөзүнө кирип, мени минтип каарылар үйүнө тапшырган тура деп ыйлап жибердии.

Автор: Кечириңиз Эне! мен сизден билбей сурап алып, жүрөгүңүздү кыйнап алдым окшойт. Кечириңиз мени.

Эне : — Жоок уулум баары жакшы эле.

Автор; — Мен билем! Сизге кандай кыйын болуп турат! Жүрүңүз кааласаңыз биз мн жашаңыз менимче бул жер сизге жакшы деле эмеско.

—- Жоок уулум, мен бул жердегилер мн тааныш болуп калдым. Өзүмдүн деле ааз эле өмүрүм калды ошол өмүрүмдү, ушул жерде эле өткөргөнүм туура.

— Макул анда мен барайын Эне ! Кеч да кирип кетти.

— Токто уулум!!!
Ата-энең барбы?

— Ооба? Бар .

— Ошол ата — энеңди эч убак нааразы кылба ! Деди да маңдайыман өөп туруп ак батасын берди.

Булак: Интернет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here