Эл арасында “өтө кызыл бат оңот” же “өтө ысык бат муздайт” деген кептер айтылып келет. Мындай накыл сөздөр бекеринен чыкпаса керек. Карапайым калктын арасында өтө жакшы мамиледе болуп жүрүп бет карашпай калган инсандар миңдеп саналат эмеспи. Биз шоу-бизнестеги кыйышпас кымбат мамиледе болуп жүрүп арасы солгундап кеткендер тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Кенже Дүйшеева — Айжамал Кабылова

Ырчы Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын бир уяда өсүп, бир устаттан тарбияланып, бир сахнада ырдап бир тууган болуп келгенине эл күбө. Жадагалса Кенже айым Гүлшайыр апасы менен таарыныша кеткенде да Айжамал Кенже эжеси тарапта болчу. Бирок кийин эле “бир туугандардын” ортосунда жарака пайда болду. Бул боюнча Кенже айымга байланышканыбызда: “Мен бир эле Айжамал эмес, Гүлшайыр, Сайкал Садыбакасовалар менен, Гүлнара Калдарова дагы көптөгөн “Кыз-Бурактын” кыздары менен сүйлөшпөйм. Мунун себебинин кимге кереги бар?” — деген жообун берди. Эмне демекчибиз, бир карында чоңоюп, бир энеден жаралгандарда деле пикир келишпестиктер болот эмеспи. Балким, убакыттын өтүшү менен “Кыз-Бурактан” тараган бир туугандардын мамилеси калыбына келет деп ишенип туралы.

 

Гүлнур Асанова — Элина Абай кызы

Гүлнур Асанова менен актриса Элина Абай кызы бир кезде жарты нанды тең бөлүшүп жеген кыйышпас достордон эле. Бул эки достун ортосуна айтылуу “Курманжан датка” тасмасы доо кетирди көрүнөт. Себеби ал кинодо Курманжан датканын жаш кезин Элинадан мурун Гүлнур Асанова ойномок. Бул тууралуу Гүлнурдун: “Мен Курманжан датканын жаш кезин ойномок болгом, анан бир топ даярдыктан кийин тартуучу топтун планы өзгөрүлүп кетти. Көрсө, Элина тартылмай болгон экен. Элина курбум болгондуктан кубануу менен эле кабыл алдым. Болгону кино үчүн Африкага барчу фестивалдан баш тартып койгон болчумун”,- дегени бар. Эл көзүнө минтип айтканы менен ошондон бери Гүлнур менен курбусу Элинанын мамилеси жакшы эмес.Эки актрисанын достугуна доо кетирген “Курманжан датка” киносу элге тартууланып, талкуу жаратпай калганы качан. “Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырыңа жетпейт” дегендей, эки достун достугу дагы да уланат деген жакшы үмүттөбүз.

Бактыгүл Бадыева –Неля

Ырчылар Неля Нуркулова менен Бактыгүл Бадыева да бир кезде жакшы мамиледеги дос кесиптештерден эле. Жигитин курбусуна тарттырып ийген Бактыгүлдүн: “Чыккынчы курбунун мага кереги жок”,- деп айтканы бул ырчылардын күйөрмандарынын кулагында дале жаңырып турса керек. Андан бери нечен жылдар өттү, суулар акты дегендей. Неля бир кыз, бир уулдун апасы болсо, Бактыгул эки кыздын апасы болуп бактылуу жашоо кечиришүүдө. Бирок курбулар бири-бирин көргөн жерде көзүнүн төбөсү менен эле карап койгону болбосо, мурункудай ысык ымаладан дайын жок.

Чолпонай — Назгүл Токтакунова

  Назгул Токтакунова менен Чолпонай  жакын дос болгону окурмандарга жашыруун эмес. Кийин эле эки курбунун ортосун кара мышык аралады. Чолпонай жакын курбум Сайкал Садыбакасова десе, Назгүл “Style  Mix”командасынын ырчы кызы Илима менен жакшы ымалада болуп калды. Өз чөйрөсүндө Сарышкин атка конгон Назгүл: “Чолпонай экөөбүздүн ортобузда жаман-жакшы сөздөр айтылган жок. Болгону ал турмушка чыгып кетип, үй-бүлөсү менен өзүнүн жашоосун жашап жатат. А мен өз оокатым менен убарамын”,-деп абалды түшүндүргөнгө аракет кылды.

Булак: леди кж

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here