Буга чейин интернет айдыңында КМЮАнын мугалими “Шайлоодо КСДПнын талапкерине добуш бергиле, ага добуш бербесеңер окуудан айдаласыңар”, — деп коркутуп жаткан аудио тасма тараган.

Биз, аталган аудио тасма боюнча КМЮАнын маалымат кызматына байланышканыбызда, интернетке тараган аудио экендигин, мугалимдерге үгүт ишин жүргүзүүгө эч ким уруксат бербегенин айтышкан.

«Окуя боюнча укуктук баа берүү үчүн окуу жайдын өкүлдөрү БШКга чакырылды. Атайын комиссиянын чечими менен материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет. КМЮАнын жетекчилиги жөн гана куратордук сабактар болуп жатканын айтууда. Негизи мугалимдер муниципалдык кызматкер болбогондуктан үгүт иштерин жүргүзө алышат. Бирок жумуш учурунда эмес жана коркутуулар болбошу керек», — деди БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов.

Эске салсак, аталган аудио тасмага байланыштуу Бишкекте коомдук активисттер “Биз коркпойбуз” деген акция өткөрүшүп, жыйынтыгында БШКга, Билим  берүү министрине, ЖКнын төрагасына жана президентке чара көрүүнү суранып, кат менен кайрылышкан болчу.

Блак: Анти ушак

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here