Планетанын эң бай адамы деп испаниялык Амансио Ортега табылды, деп жазат Forbes.ru басылмасы.
Эң чоң «Inditex» компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Амансио Ортега Forbes Real Time басылмасынын сап башына жазылып, планетадагы эң бай адам деп аталды. Учурда ал дүйнө рейтингинин лидери болгон Билл Гейтстен 200 млн долларга бай.
Ортега үч жолу эң бай адамдардын тизмесинин сап башына жазылган, бирок ал биринчи орунда бир суткадан ашык кармалган эмес. 29-августта миллиардердин компаниясынын акциясы 1%га кымбаттап, шейшемби күнү кечинде Microsoft компаниясынын негиздөөчүсүнөн 100 млн долларга гана артта калган. Учурда Испаниянын 81 жаштагы тургуну Амансио Ортега Билл Гейтстен алдыга чыкты жана анын кирешеси 85 млрд долларды түзөт.
Акыркы айда анын кирешеси 1,2 млрд долларга көбөйгөн. Анын рейтингде биринчи орунга чыгуусуна Гейтстин 4,6 млрд доллар каражатты кайрымдуулукка жумшаганы жана Безостун Amazon акциясын өткөрүп, акчасынын кыскарганы себеп болгон. Ортега 2015-жылдын октябрь айында алгачкы жолу дүйнөнүн эң бай адамы болуп, бирок, 24 саатка жетпей анын ордуна Гейтс жазылган. Мындай көрүнүш 2016-жылдын ноябрь айында да кайталанган болчу.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here