Нурсултан – Казакстанда соңку 25 жылда эң көп коюлган ысым болуп калды. Акыркы эсептөөлөргө караганда, Түштүк Казакстан облусунда 10 265 Нурсултан жашайт. Бул өлкөдөгү эң көп Нурсултандар жашаган аймак.
Эгемендик жылдары Түндүк Казакстан облусунда бул ысым болгону 483 ымыркайга ыйгарылган.  Нурсултандардын саны боюнча Түштүк Казакстан облусунан кийинки орунда Алматы облусу турат. Ал жакта 4585 Нурсултан бар. Жамбыл облусунда 3940, Кызыл Ордо облусунда 3081. Ошондон улам Шымкентте жүз Нурсултандан турган хорду чогултуу кыйынга деле турбаса керек.

Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди кошо санаганда 2528 Нурсултан жашайт. Бул аттын тарыхына келсек, президенттин ысмын чоң энеси Курандагы эки атты бириктирип койгон экен.

Булак: Кабар 24

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here