Россияда сезондук оңдоо иштеринен улам заводдордо мунай затын кайра иштетүү кыскарган. Узаган дем алыш күндөрү күйүүчү майлоочу каражаттарга болгон баа жогорулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымына караганда, Россиянын айрым мунай затты кайра иштетүүчү заводдорунда сезондук оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан өндүрүлгөн күйүүчү заттын көлөмү кыйла азайып кеткен. Мындай көрүнүш баалардын өсүшүнө алып келди.

Натыйжада бензиндин Аи-95 үлгүсү 0,3 сомго кымбаттаган (1 литри 41,5 сом). 0,4 сомго Аи-92 үлгүсүндөгү бензин (литри 39 сом) менен дизель майы (37 сом) өскөн. Автогаз 0,5 сомго жогорулап, литри 21,1 сом болду. Бул «Газпром нефть Азия» компаниясынан алынган маалыматтар экенин жана башка түйүндөрдө деле баалар ушундай экендигин ассоциациянын өкүлү билдирди.

Куловдун айтымында, сентябрдын акырына чейин күйүүчү майдын баасы дагы 1 сомго жогорулайт.

Булак: sputnik.kg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here