Сары-Таш—Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы унаа оодарылып кетти. Анын кесепетинен оор жаракат алган 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болду.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 17-сентябрда саат 14:15 чамасында болду. Карамык айылынын 17 жаштагы тургуну атасынын унаасын айдап чыккан. Ал унаага досторун салып бара жатканда жарды сүзүп токтоп, унаанын ичиндеги 9 жана 16 жаштагы кыздар окуя болгон жерде көз жумган. Унаанын айдоочусу менен 1999-жылы туулган кыз жаракат алып, Чоң-Алай аймактык ооуканасына жаткырылды. Айрым маалыматтар боюнча, каза болгон кыздардын туугандык байланышы бар.
Учурда бул факты боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертизалар да дайындалды.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here