China Daily басылмасы жакыр үй-бүлөнүн балдары эмгекчил, турмушка тың болоорун аныктаган атайын иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Азыркы заманда ата-эненин байлыгынан улам бийик кызматтарга, кесиптик ийгиликке жетүү барган сайын артта калып бара жатат деп эсептейт талдоочу Гао Уей.

«Азыркы учурда байдын баласы кимдер деген суроого кытайлык социологдор жооп издешип, «бай» деген түшүнүк азыр материалдык каражат менен эмес, адамдын профессионалдык чөйрөдө, жашоодо жетишкен ийгилиги менен ченелип калганын аныкташкан. Айрыкча өз жашоосун эч кимдин колдоосу жок нөлдөн баштап, ийгилик тепкичинде жогорулаган адамдар заманбап маданияттын үлгүсүнө айланып бара жатканы белгиленет. Достору күчтүү, социалдык чөйрөсү стабилдүү адам азыр «бай» деп аталат, ал эми ата-эненин байлыгы, билими, жумуш орду жөн гана «байлыкты» толуктаган түшүнүккө айланды», — деген Кытайдын Ааламдашуу борборунун аналитиги Уей «байдын баласы» деген статусту азыркы жаштар тагдырдан албай, өз аракети менен жаратарын кошумчалаган

Булак: Азаттык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here