Өспүрүм курактагы балдарды тарбиялоо кыйын экенин “ата-эне” деген атты алып жүргөндөр жакшы билишет. Ата-энелердин мындай көйгөйлөрүн чечип алар менен бирге иш алып барган дүйнөлүк психолог адистер ата-энелерге бала тарбиялоодогу өзүлөрү кетирген кемчиликтерин айтып кеңештерин берип келишет.

1. Өспүрүмдөрдүн ачык айтуусун талап кылуу

Сиз балаңыздын эч ким менен сүйлөшпөй түнт болуп баратканын байкайсыз. Анын сизден жашырып досторуна айта турган сырлары пайда боло баштайт. Сырын канчалык билүүгө аракет кылганыңыз менен айтпайт. Бирок сиз анын кылган бардык иштерин ачык айтуусун жана бир иш кыларда сиз менен кеңешип иштөөсүн талап кылып ага жакындоого аракет кыласыз. Балаңыздын кайсы гана маселе болбосун, сиз менен ачык сүйлөшүүсүн талап кылган сайын ал сизден качып, жеке жашоосуна аралаштырбаганга аракет кылып мурункудан да түнт боло баштайт. Кээ бир өспүрүмдөр мындай учурда ар кандай калптарды айтып, аны адатка айлантат. Айрым ата-энелер өспүрүм курактагы балдарын “эрки менен билгенин кылсын” дегенсип жайына коёт. Бирок бул учурда бала өзүн атасына, апасына керексиз сезип, аны түшүнгөн дүйнөгө жана ошол чөйрөгө баргысы келет да, көчө баласы боло баштайт.

Кеңеш: балаңызды эч убакта ар бир баскан кадамы үчүн суракка албаңыз. Болгону ага ар дайым анын жанында кандай кеңеш жана жардам керек болсо, уялбай кайрылса жардам берүүгө, аны угууга даяр экениңизди билдириңиз.

2. Өспүрүм балдардын ой-пикирин, сунушун этибарга албоо

Сиз өзүңүздүн оюңузду балаңызга сунуштайсыз. Бирок сиздин сунуш балаңызга жакпай ал андан баш тартты. Болбой эле ага жакпаган ишти кылсаңыз, бала ага жооп катары болгон терс мүнөзүн көрсөтүп, рахмат айтмак түгүл, нааразы болот. Бул көрүнүш дайыма улана берсе балада “менин сунушум баары бир эске алынбайт, андан көрө алардын айтканы менен болушум керек” деген ой калыптанат да, жыйынтыгында ал өз алдынча чечим кабылдай албай, ата-энеге же аны курчап турган чөйрөгө көз каранды болуп калат. Турмушта ал үчүн башкалар чечим чыгарып калбасын десеңиз, азыртан кемчилигиңизди жоюңуз. Ал эми айрым балдарда ата-энесине болгон жек көрүү сезими пайда болуп агрессивдүү боло баштайт.

Кеңеш: балаңыздын сунушун эске алуу менен анын өз алдынча болуусуна шарт түзүп бериңиз. Ал каалабаган нерсени жасап убара болбоңуз. Анын тандоосуна мүмкүнчүлүк берип, эч убакта аны “бул аны кыла албайт, кыйналып калат” деп аяй бербеңиз. Себеби ал да жашоонун ысык-суугуна урунуп, баарын жон териси менен сезиши керек. Ошондо гана анда тажрыйба топтолот, эмне жаман, эмне жакшы экенин билет.

3. Өспүрүмдөрдүн жашоосуна кийлигишүү

Баласын ар кандай оор кылмыштардан же жаман иштерге аралашып кетпестигинин алдын алуу максатында айрым энелер балдарынын сумкасын аңтарып, кимдер менен кат алышып жатканын билүү үчүн анын кол телефонун чукулап, тамеки таап аламбы деп чөнтөгүн текшеришет. Сиз ага тийиштүү буюмдарды уруксатсыз тинтүүгө алуу менен балаңызды өзүңүзгө каршы чыгарасыз. Минтип үлгү болууңуз менен балаңыз эртеңки күнү сиздин уруксатыңыз жок чөнтөгүңүздөгү акчаны алып башташы мүмкүн. Мындан тышкары “ата-энем мага баары бир ишенбейт” деген ойдо калат.

Кеңеш: албетте, балаңызды көзөмөлдөп карап туруңуз, бирок чектен чыкпоого аракет кылыңыз. Эгер бул көрүнүштүн жыйынтыгы баланы болгонун болгондой ачык айтууга алып келсе жакшы. Бирок бул кээде тескери ишке да алып барарын унутпаңыз.

4. Берген убаданы аткарбоо

Балдар ата-энеси айткан убадалардын аткарылышын күтүшөт, бирок ал убада аткарылбаса, акырындык менен аларга болгон ишеним жоголот. Натыйжада ата-энеси сөздөрүнө турбай турган адамдар экенин жана алардын убадалары шамалга айтылып жатканын бетине эле айтышат. Бала менен ата-эненин ортосунда кайым айтышуу башталат.

Кеңеш: аткара албагандан кийин аны ооз көптүрүп айта берүүгө болбойт. Натыйжада, жогоруда белгиленгендей, балада көңүл калуу пайда болот. Андыктан аткара ала турган убаданы гана айтуу керек.

5. Коюлган талап так эмес

Ар бир ата-эне балдарына “жакшы оку”, “жакшы адам бол”, “жашы балдар менен дос бол” деген сыяктуу сөздөрдү көп айтат, бирок айрымдары жакшы адам кандай болуш керек, ал үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керектигин айтышпайт. Жыйынтыгында бала ата-энеси андан эмне талап кылып жатканын билбейт.

Кеңеш: жакшы бала болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек жана жаман менен жакшы ишти айырмалай билүүсү үчүн аны мисал келтирүү менен түшүндүрүп берүү зарыл.

 

6. Балаңыз сизди түшүнбөйт

Баласын эч нерседен кем кылбай багууга ар бир ата-эне аракет кылат. Өзгөчө өзү балалык кезинде жетпей калган тилектерине баласы жетишин каалап ченеминен көп акча берип, каалаганын сатып берип ашыкча эркелетип коюшат. Бирок жашоо дайым эле сиз каалагандай боло бербейт да. Сизде мурдагыдай мүмкүнчүлүк болбой калган кезде балаңыз сизди түшүнбөйт. Талап кылган нерсесин алып бере албай калсаңыз сараңдык кылып анын жолун, бактысын тороп жаткандай кабыл алат. Андайда айрым балдар үйдөн качып, айрымдары ата-энеси менен сүйлөшпөй, кээси өз өмүрүн кыят.

Кеңеш: балага кичинесинен эле аз-аздан акча карматып, ал акчаны эмнеге жумшап жатканын сурап үйрөтүү керек. Үйдө бардыгы жетиштүү болсо дагы акча жагынан тартыш болуп кыйналып жаткандай абалды түзүңүз же мисал келтирүү менен түшүндүрүңүз. Бул учурда ал да иштеп акча таап үйгө салым кошууга аракет кылуусу керек. Бала өз алдынча акча таап иштегенде гана аны сарамжалдуу пайдаланууга үйрөнөт. Балаңыздын сураган нерсесин алып берип, колуна акчаны уучтап кармата берүү менен балаңыздын бактысына балта чабасыз.

Балдарыңызга туура тарбия берип жатасызбы?

Бек Борбиев: — Мен атамдан кандай тарбия көрсөм, балдарымды да ошондой тарбиялаганга аракет кылдым. Тактап айтканда, жашоого тың болуп, өзүнчө ой жүгүртүп, өз алдынча болууга үйрөтүп жатам. Чындыкты айтуу менен кырдаалды жеңилдетсе болорун айтып келем. Балдарды эркелетем, бирок чектен чыкпайм. Анткени бардык иштин чеги, орду менен болуусу зарыл. Балдарыма досундай мамиле кылам, бирок ата экенимди да унутпайм. Эгерде кайра башынан баштоо мүмкүнчүлүгү болсо, балдарыма дал ушундай эле тарбия бермекмин. Билбейм, катачылыктар барбы, жокпу, аны турмуш көрсөтөт.

Рустам Аташов: — Мен балдарымды туура жолдо тарбиялап жатам деп ойлойм. Болгону аларды тарбиялоого аз убакыт бөлүп жатканым кемчилигим же катамдыр. Чыгармачыл адам болгондон кийин үй-бүлөгө жетиштүү деңгээлде убакыт бөлүү кыйын. Андыктан тарбия жагын көбүнчө энесине тапшырып коюуга туура келет. А мен көбүнчө кечки тамакка олтурганда ар биринин окууларын сурап, көйгөйлөрү болсо угуп, аларды колумдан келишинче чечип бергенге аракет кылам. Балдарым өз алдынча акча кармашса кийим-кечегине, окуу куралдарына жумшашат деп ишенем. Анткени кафе, түнкү клубдарга барууга такыр кызыгышпайт. Бул жагы мени аябай кубандырат.

Гулнара Кахарова: -Кайсы гана ата-эне болбосун бала тарбиялоодо колунан келишинче ката кетирбегенге аракет кылат. Биз балдарыбызга тыюу салбай эркин кармайбыз, бирок ашыкча эркелетпейбиз. Себеби, баланы оюндагысын айттырбай уруша берсең ал түнт болуп, коомго кошула албай калат. Балдарымдын ар бири менен чоң кишидей сүйлөшөм жана ар биринин сунуш-пикирин угам. Демек, туура эле тарбиялап жатат болушум керек.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here