Кээ бирөө бул учурда уйкусу ачылбай, кумарга батууну каалашпайт. Ал эми сексологдордун айтымында, эртең мененки кумардын пайдасы чоң экен. Биринчиден, бул таңкы гимнастика болсо, жакшылап кумарга баткан адам ошол күнү кечке көңүлү көтөрүлүп, өзүн жакшы сезет. Керээли кечке иштеген адам таңкы секстен сергек болуп, жагымдуу процесске кабылары анык. Дарыгерлер да таңкы секс кан айланууну жакшыртып, баш оорунун алдын алат дешет.

Ал эми Америкалык окумуштуулар, эртең мененки жыныстык катнаш кирешенин өсүшүнө дем берерин аныкташкан.
Иликтөөчүлөр бир нече жүздөгөн жуптарга жүргүзүлгөн сурамжылоону анализдеп көрүп, эртең мененки жыныстык катнаш менен карьералык өсүштүн байланышын белгилешкен. Көрсө, эртең менен болуучу жыныстык катнаш адамдардын профессионалдык сапаттарына жакшы таасирин тийгизип, башкаларга караганда көбүрөөк акча табышат, анткени алардын карьерасы ийгиликтүү өнүгөт деп белгилешкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here