Түштүк Корея адамдын бетин өзгөртүп, эң көп пластикалык операция жасоо боюнча алдыга эч бир өлкөнү салбаса керек. Өлкөгө көп акча менен кирип калган башка өлкөнүн жарандары негизинен, пластика хирургдарынын кеңсесине баш багып чыгуу үчүн баргандар дешет. Айрыкча кытайлык аялдар Кореяга кирип чыккандан кийин бет түзүлүшү түп тамырынан өзгөрүп, документтеги өзүнүн сүрөтүнөн аябай айырмаланып калгандыктан, чек ара кызматына бир топ эле маселелерди жаратары белгилүү

Мындан улам, Кореядагы пластикалык операция жасай турган клиникалардын көпчүлүгү кардарларына операция жасаткандыгын тастыктай турган документ же сертификат кошуп беришери кадимки көрүнүшкө айланган. Кытай чек арасы өз жарандарын аталган маалым каттын негизинде гана паспорттогу сүрөтүнө салыштырып өткөрүүгө аргасыз болот. Документке же сертификатка кардардын операцияга чейинки түшкөн сүрөтү жана опреациядан кийинки скальпель тийген жерлердин шишиги тарап сулуу болуп өзгөргөндөгү сүрөттөрү тиркелет.

Пластикалык хирургия Кореядагы эң өнүккөн бизнестин түрүнө кирет. Статистика боюнча Сеулда 19 жаштан 50 жашка чейинки кыздар жана аялдардын 20 пайызы жок дегенде бир жерине операция жасаткандар. Мурда операция жасатууга бел байлоонун негизги себептери кайсы бир кемчилигин оңдоо же жашыруу болсо, акыркы учурда кыздардын көпчүлүгү батыш стандарттарга дал келүүнү каалагандар. Азыр дүйнөнү европалык стандарттагы сулуулук бийлеп турат деген түшүнүктөгү кореялыктар көпчүлүк учурда көзүн чоңойтуп, ашыкча терини алдыруу, эриндерин калыңдатуу сыяктуу курмандыктарга барышат. Мындай ыкма менен сулуу болууну бир гана корей айымдары эмес эркектери да самап, операция жасатышары белгилүү.


Булак: «super.kg»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here