Салия күүгүм кирген маалда ашканада үңкүйүп жалгыз чай ичип олтурду. Үйдүн ичи жоо алгандай тымтырс. Жарыкты да жандырбады. Чыныдагы чайын анда-санда уурттап коюп, терезеден сыртты тиктейт. Күндө ушинтип күүгүм кирет. Кайрадан таң атат. Кайрадан тирилик. Дөңгөлөктүн ичинде айланган тыйын чычкандай күндөр өтүүдө. Күндөр эмес жылдар өтүп, канча өмүр артта калды. Салмактанган башын бир байлам чыт жоолук менен бекем бууп, ооруган эки тизесин алаканы менен ушалап ушундай ойлорго батып олтурду Салия. Аңгыча аркы бөлмөдөн күйөөсүнүн күрсүнүп козголгон үнү угулду. Керебетин кычыратып ордунан турду окшойт. Шашпай басып келип далистин жарыгын жандырып, дааратканага бурулду.

– Келип чай ичпейсиңби? – деди Салия көңүлкош.

– Жок, ичпейм, — деди күйөөсү күңк этип.

– Ичпесең кой, — деди аялы ага угузбай. Күйөөсү кайра барып керебетине жатты да телевизорду жандырды. Ал ошентип уйку-соонун ортосунда жата берет. Телевизордун үнү бөлмөгө толуп, кулак-мээни жей берди. Салия басып барып кичиртти. Тигиниси башын көтөрө калып:

– Тийбе, чоңойтуп кой, – деп корс этти. Салия кайра чоңойтту да, ашканага кирип кетти. Кичинекей казанын отко асып тамак жасоого киришти. Бул үйдө азыр экөө гана жашайт. Балдары өз-өзүнчө кетишкен.Чет өлкөдө жүргөндөрү да бар. Кичинекей казанга эки кишиге ылайыктап тамак бышырат Салия. Бышырарын бышырат, бирок күйөөсү экөө дайыма эле чогуу олтуруп ичишпейт. Чогуу олтурушса да унчугушпай ичишип, унчугушпай туруп кетишет.

Кызык, булар деги башта кандай эле, сүйлөшчү беле? Эмне болгон эрди-катын булар?

Ойлоп көрсө, булар деле эл катары бири-бирин жактырышып үйлөнүшкөн. Жыл айланбай кыздуу болушту. Ага удаа уулдуу болушту. Айтор, үч баласы удаа төрөлдү. Майда балдары менен көп жылдар бою батирден батирге көчүп конуп жашашты. Баштагы бири-бирин жактырган жылуу сезимдери көр турмуштун түйшүктөрүнө басылып, күнүмдүк менен гана алпурушкан жандыктарга окшоп калышты. Үй-бүлөнүн түйшүктөрү айрыкча Салиянын мойнуна түштү. Күйөөсү жеткен жалкоо эле. Көрүнгөн жумушка тийип-качып иштеп жанын кыйнагысы келчү эмес. Андан көрө керебетке жамбаштап жатып алып телевизор көрүп, гезит окуганды жакшы көрчү. “Үйдө кант-чайың барбы?” — деп ага башын оорутчу эмес. Салия дайыма какшанып айтып келгендей эртеңки күндөн эч бир санаасы жок эле.

– Балдар чоңоюп келатат. Аларды окутуш керек, үйлөп-жайлаш керек, муну ойлонгон күйөө гана?! – деп наалычу. Кээде намысы ойгонор бекен деп: — Баланчанын күйөөсүн карачы, эмне иштерди жасап жатат? – деп сөз баштаса: – Бар, анда ошого тийип ал, — деп коңк этчү. Салиянын мындай сөздөрү бара-бара ага көнүмүш болуп калгандыктан чымын чаккандай деле көрчү эмес. Аял деген ушинтип сүйлөй берет деп койчу ичинен.

Салия жаш күнүнөн ашпозчу болуп иштеди. Шаарда ал иштебеген ашкана калган жок. Кийинчерээк жакшы болду. Ашканалар көбөйгөн сайын жумуш да көбөйүп, кошумча тыйын болуп дегендей. Бирок анын тапканы эмнеге жетет? Күйөөсү кийинчерээк жумуш жок деп үңкүйүп үйүндө эле жатып калды. Кирип-чыгып тамекисин чегет. Гезит окуйт. Телевизор көрөт, башка иши калбады. Ошентип жатып алып ал кызганчаак эле. Салия ишинен кээде кармалып кечигип келсе үйдүн кыйсыпырын чыгарчу:

– Кайсы сүйгөнүң менен жолугуп келдиң? – деп баштачу кепти. Бутун тарта албай чарчап келген Салиянын күйбөгөн жери күл болчу. Андан көрө чын эле бир сүйгөнүм болуп жолугуп келсем гана деп ойлонуп калчу Салия. Анда сендей күйөөгө кайгырып да койбойт элем дечү ичинен. Баарынан да анын жок жерден кызганганы жанын жеди го. Дагы бирдемени баштабасын деген ойдо жумушунан шашып келчү. Куру кызганычтан өткөн азап барбы?

Балдары да муктаждыктарын атасына эмес, энесине айтышчу. Энеси эптеп жоктон барды жасачу. Карызга сурап келсе да улам бир жыртыкты бүтөп турчу. Жоктуктун айынан кыз кезинен бери тагынып жүргөн алтын сөйкө, шакектерин да сатып жиберди го. Баарынан да нике шакегин сатканын эстегиси келбейт. Аны учурунда эч кимге айткан жок. Үйдөгүлөр байкабай деле калышты. Ой, Салия балдарды чоңойтуш үчүн эмне гана жумуштарды кылбады. Күзүндө балдары менен шаардын паркына барып тобурчак терип чакалап сатчу. Тестиер уулун ээрчитип алып түн жарымында троллейбустардын ичин жууп-тазалаган убактары да болду. Жатарда камыр ачытып, жерге жарык түшө электе тура калып май токоч бышырып, мектептин алдына барып сатып келе койчу. Ошентип жүрүп балдары чоңойду. Окуп-чокушту. Анан алды-алдынан турмуш куруп кетишти.

Бир окуяны эстегиси келбейт Салия. Бирок унута да албайт. Эстебейин деген сайын жүрөгүнүн башында турат. Анда балдары чоңоюп эле калган. Күйөөсүнүн кыял-жоругу өзгөрүп, түнкү мөөнөттө иштеп жатам деп үйгө көп түнөбөй калды. Салия адегенде шек санаган эмес. Көрсө, бир жалгыз бой дүкөнчү келин менен ысык болуп жүрүптүр. Үйгө келгенде кабагы карыш салынып, болбогон нерселерге эле жаңжал чыгарып, анан тескери карап жатып алчу болду. Көрсө, тиги келинге кетүүнүн жайын ойлоп жүргөн тура. Анысы да абдан азгырса керек да. Аялдын азгырыгы оңой бекен? Акыры кетти. Бир күнү Салия үйдө жокто келип, кийим-кечесин алып, үйдүн ачкычын таштап кетиптир. Кечинде келген Салия муну укканда, үстөлдө жаткан ачкычты көргөндө эсинен кетип дал болуп көпкө олтурду. Анан ызасына чыдабай кетип ачкычты алып жерге бир чапты:

– Акмак, жанбакты! Талаада кал ылайым, экинчи ушул үйдүн босогосун аттабай кал. Балдардан айлан, — деп көп-көп ачуу сөздөрдү айтып, буркурап ыйлап алды. Баарынан да элден намыстанды. Күйөөсү таштап кеткен деген сөздөр айтыларын ойлоп жети өмүрү жерге кирди. Анан өзүн колго алып, мөгдүрөп калды дешпесин деп чыйралды:

– Кетсе кетти да. Эр болуп жыргатып жатты беле? Ошонун барынан жогу. Шүмшүйүп бир күнү кайра келбесе болду, — деп өзүн-өзү сооротту. Сыр билдирбей оокатын кыла берди. Кылбай жүргөн оокат беле? Бирок көңүлдөгү өксүгү баары бир кетпей койду. Балдары болсо атасын тымызын күтүштү. Кайра келет деген ойдо жүрүштү. Ошентип жыл айланбай бир күнү кеч күүгүмдө күйөөсү үйгө ууру мышыктай болуп кирип келсе болобу?!

– Ии, келип калыпсың? – деди Салия таң калып.

– Силерди сагындым, Салия. Мени кечиргиле. Ушундай болуп калды,- деди бирөө жарым укпасын дегендей акырын сүйлөп.

– Эмне, дүкөнчү катын кууп чыктыбы? Же сүйүүңөр бүттүбү?

Күйөөсү үндөбөдү. Салия да үйгө кир деген жок. Ал улагада бир аз турду да, акырын жыла басып ичкери кирди.

Көкүрөгүндө ызасы тирелип турса да Салия сабырдуулук кылды. Бир колунун ачуусун бир колу менен басты. Айла жок күйөөсүн кечирди. Балдары үчүн кечирди. Кайра кууп чыкканда бу шордуу талаада калат го деп бир чети аны аяды. Тумшугуна суу жеткен бечара деди ичинен. Ач айкырыкты салып, айтпаган сөздү айтып, ит абийирин кетирсе деле болмок. Тигинин жосуну ошого тете болуп жатпайбы. Бирок эми кереги не? Баары түшүнүктүү. Өлбөгөн төрт шыйрагын сүйрөп келип олтурат го. Калганын өзүнөн көрсүн.

Ошентип жүрүп эки жагын караса эле Салия алтымыштын босогосуна келип калыптыр. Бирок ал алтымыштан кыйла улуу көрүнөт. Көптөн бери башы зыңылдап ооруп, муундары какшайт. Кан басымы көтөрүлүп, ошонун азабын тартып дары менен жашап калды азыр.

Ойлоп көрсө аялдай болуп боёнуп жасанып, жаркылдап жүрбөптүр. Ден соолугуна кам көрбөптүр. Эс алуу дегенди билбептир. Кээ бир аялдарча көйкөлгөн кымбат көйнөк кийип, атыр себинип тойлорго жаркырап барбаптыр. Жибектей жалтыраган коюу кара чачы жоолуктун ичинде жүрүп агарып, көр тириликтин тегерегинде күйпөлөктөп жүрүп күндөр өтүптүр. Жаш чактагы ичке, сулуу манжалары көркүнөн кетип ийрейип, тарамыштары сыртына чыгып, картаң бактын тамырындай арбайып-тарбайып калды.

Салияга бир ууру ой кылт эте калат кээде. Эмнеге жаш күнүндө бирөө менен көңүл ачпады экен? Көз кырын салып тийишкен эркектер деле болгон учурунда. Өң-келбети элден кем эмес болчу. Тымызын мамиле түзүп алса аны бирөө соттойт беле? Кудай өзү кечирет эле. Жок дегенде көңүлү көтөрүлүп, түйшүктөрдөн алаксыйт эле го. Анан кайра ойлонот. Көр оокаттан башы чыкпай, түйтөйүп жүдөгөн аял кимге кызык эле?

А тиги керебеттеги күйөөсү эр эмес же жер эмес болуп, ошончо жылдардан бери дале керебетте гезит окуп келатат. Эркек кишинин иши эшикте болгону кандай жакшы эле. А бул күйпүл күчүктөй болуп эч жакка чыкпайт. Анан да баягы кызганычы калбай койду. Дале Салиянын баскан-турганынан шектенип турат. Кайсы арына десең… Күйөөсүнө кымындай бир жылуу сезим калбаптыр Салияда. Ичи муздап бүткөн окшойт. Аялдын көңүлүнө тоңгон музду эритүү оңой эмес.

Ооба, көп-көп жылдар мурун эле бул экөөнүн ортосунда көрүнбөгөн дубал пайда болгон. Аны өздөрү да байкабай калышкан. Ал дубал жүрө-жүрө бийиктей берди, калыңдай берди. Муздак, мелтиреген үнсүз дубал экөөнүн сөздөрүн бири-бирине жеткирбей тосо берди. Бири ошол дубалдын аркы бетинде, бири берки бетинде жашай беришти. Экөө тең ошол муздак дубалды кулаталы дешкен жок. Кулатууга эринин көңүлү жок эле, аялынын чамасы жетпеди. Ошентип жылдар өтүп олтуруп, экөө дубалдын эки бетинде кала беришти. Эми алтымышка келгенде башыңды ошол дубалга койгуласаң да өткөн өмүрдү кайрый албайсың.

Булак: «леди кж»

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here