Белоруссияда студент кыз консервадагы жүгөрүнү алып, ачканда ичиндеги көгүчкөндүн башын көргөн. Дароо сүрөткө тартып, интернетке чыгарган.

Кыздын айтымында банкада «Белгородские овощи» деген этикеткасы болгон. Мындай продукцияны «Белгородские молочные продукты»  ишканасы чыгарат.

«Мейли кечки тамак, орундалбай калды: бирок дагы канча банка мындай  өлгөн канаттуунун  башы менен жүрөт, мунун аягы эмне менен бүтөт, эгер адам жеп алса эмне болот»- дейт кабатырланган студент.

Аталган ишкана эскирген жүгөрүнү алмаштырып берүүнү сунуштаган, бирок студент кыз электрондук капчыгына акчалай компенсация которушун талап кылган.

Ал эми ишкананын өкүлү банкага канаттуунун башы кантип түшүп калганын териштирээрин айткан.Ошол эле учурда лабароторияда иштеген  кызматкерлер дагы ишкана бардык жагынан жабылган, көгүчкөндүн кирип кетиши мүмкүн эместигин айтышат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here