Урматтуу калайык калк! Укпадым, билбедим дебеңиз. Ушул жылдын 22- 23-сентябрында Жумгал районунун Байзак айылында кыргыз элин калмак-жунгар баскынчылыгынан сактаган чоң  баатырлардын бири  Түлкү   уулу Качыкенин 285 жылдык мааракеси өтөт.  Улут сыймыгына  айланган Качыке баатырдын мааракесинин урматына:  Аламан, Жорго, Кунан чабыш, Көк –бөрү, Кыргыз –күрөш, Эр –эңиш, Кыз – куумай аталашындагы улуттук оюндар уюштурулат.

Байгелүү орундарга – 5 автоунаа жана акчалай сыйлыктар берилмекчи.

Саясаттан чарчап, саясатчылардын калпынан, убадасынан тажап, жан –дүйнө жабыркап турган учурда, кең Жумгалды көздөй багыт алып, улут баатырына арналган чоң мааракеге катышып, улуттук оюндарды көрүп,  баатырдын баскан жолунан кабар алып,  чер жазып кетиңиздер!

Эскертүү катары айта кетсек, шайлоого карата жүрүп жаткан үгүт иштерине байланыштуу ар ким ар кандай ойлой бериши толук мүмкүн. Андыктан Качыке баатырдын мааракеси эч кандай саясатка тиешеси жок экенин бул иш-чараны уюштуруп жаткандар билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here