Бишкек шаарындагы үй-бүлөнүн 1,5 жаштагы кызын курулуш иштерине жардам көрсөтүп жаткан 18 жаштагы жигит зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда. Бул окуя болгон дарекке АКИпресстин кабарчылары онлайн берүү учурунда милиция кызматкерлери менен бирге барышты.
Кечээ, 15-сентябрда саат 16:00дөн кийин Бишкек ШИИБдин патрулчулары Таалай Сулайманов менен Урмат Маматбековго нөөмөт бөлүмүнөн рация аркылуу Жибек жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде зордуктоо фактысы тууралуу билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган инспекторлорго жабырлануучу кыздын атасы окуя тууралуу айтып берди. Анын айтымында, кыздын денесинде зордуктоого аракет кылган белгилерди көрүшкөн.
Ал эми, милиция кызматкерлери кызга карата ыпылас аракеттер жасалганын билдиришти. Азырынча Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Булак.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here