Астаналык 21 жаштагы Даянаны 17 жашында айылга ала качып кеткен. Тааныбаган күйөөсүн жактырбаган кыз шаарга качып барып, жашосун сойкулук менен уланткан деп жазат «NewTimes.kz» порталы.

«Мен аны сүйгөн эмесмин, анан Астанага качып кеттим. Айылдын салттары мага жаккан жок. Турмушка чыккычакты келечегимди башкача элестетчүмүн, бирок, андай бобой калды, кыялдарым орундалбай калды. Саунада ишимди баштадым.

Саунага келген кардарлардын арасында кымбат төлөгөн чиновниктер дагы жок эмес, бирок аттарын айта албайм» -дейт Даяна.

Кардардын бири келип, менин таанышыма (сойку )башка жумушка орноштура алам, шарттары жакшы, катчы болуп иштейсиң деген. Бирок аны канцелярдык жумушка киргизди, айына 50 миң. Ал кыз 3 күндөн кийин качып келди, жумушу оор экен- деп.

Даянанын айтымында  сойкулардын кардарлар менен болгон байланышы сыр бойдон сакталуусу талап кылынат. Кээ бирөөлөр атайын Украинадан чакырып келишет.

«Бир жумага бизди эркин кое беришти. Анткени чоң жерде иштеген чиновниктер славяндык кыздарды талап кылып жатышыптыр.  Аларды Украинадан алып келишти. Төртөө болчу. Ар бири 10 миң доллардан  иштешти«- дейт ишеничтүү түр менен Даяна.

 

«Эгер кардар 15миң теңге төлөсө 5миңи администрацияга,5миңи сутенерго, 5 миңи өзүбүзгө калат. Келечекте эки жол бар: бири интимдик кызмат көрсөткөн жай ачуу, экинчи вокзалга барып бул чөйрөдөн кетүү. Бирок экинчи жолду тандагандан корком. 3 жылдын ичинде 20 жашка картайгандай бодум. Мен алгач үй алам, мага жардам бере турган эч ким жок. Ата- энем менен байланышым жок. Күйөөнүн кереги жок. Алар алдап кетет. Жакшысы эч кимге көз каранды болбой калганда, бул чөйрөдөн кетем»-деп сөзүн жыйынтыктаган Даяна.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here