Үй кожойкесинин эмгеги бааланбаган, баркталбаган эмгек болуп эсептелет. Кадимки жумушта 8 саат гана иштөө керек болсо, үй кожойкеси таңдан түнгө чейин иштейт. Ал эми дем алыш, майрамдык эс алуу деген түшүнүктүн болушу мүмкүн да эмес. Ошого карабай анын эмгеги баасыз. А кожойке түмөн түйшүктү моюнга алып иштей берет, иштей берет.

Үй кожойкеси…

Канча иш кылбасын, эмгеги байкалбайт

Үй тиричилигин кылганы каражат алып келбейт

Коёндой окшош күндөр кайталанат

Каржылык жактан күйөөсүнө көз каранды болот

Жогорку билимин тастыктаган диплому жыл өткөн сайын өз күчүн жоготот.

Узак убакытка тыныгуу аялды кандай өзгөртөт?

Өзүнө ишенбей баштайт

Узак убакытка созулган тыныгуу маалымат жактан аксап калууга алып келет. Үй тиричилиги менен алек болуп жүрүп кесибине байланыштуу иштерди унутат. Натыйжада “баарын унутуп калдым! Ким мени жумушка алмак эле?” деп өзүнө ишенбей баштайт.

Өзүн-өзү баалоосу төмөндөйт

Жумушка чыгууга каалооңуз күч болгонуна карабастан ишке чыга албай жатсаңыз, анда сизде үй кожойкеси комплекси болуп жаткандыгы анык. Бул нерсе жумушун да, үй-бүлөсүн да айкалыштырып алып жүргөн башка айымдарды көргөндө байкалат.

Өзүн карабай калат

Үй кожойкеде “жаңы көйнөк алганда аны кайда кийип бармак элем? Бала менен сейилдөө үчүн боёнуунун кандай зарылчылыгы бар?” деген ойлор болот. Муну менен аял өзүн көп нерсеге татыксыз сезип, өзүнө кам көрүүнү, көңүл бурууну токтотуп коёт.

Өзүн курмандыкка чалат

“Баары үй-бүлө үчүн!” Бул үй кожойкелердин жашоо принциби болуп калган жаңылыш түшүнүк. Мында жолдошу менен балдарынын кызыкчылыктары алдыңкы планда туруп, өзүнүн каалоосу, максаттары акыркы орунда калып калат. Өзүн башкалар үй кызматкери катары гана көрүп жатат деп ойлоп, бааланбаган эмгеги үчүн нааразы болот.

Депрессияга кабылат

Аялзат дайыма жакындарынын көңүл буруусуна, сүйүүсүнө муктаж болот. Ал эми үй кожойкеси анын жетишсиздигинен депрессияга түшөт. Бул абалда жолдошунан шекшинип, чоңоюп калган балдарына өзүн керексиз сезет.

Телесериалдарды көп көрүп калат

Көбүнчө телесериалдарды көрүп, андагы жашоо менен түйшөлүүнү адат кылып алат. Бул көбүнчө жаш аялдарда, тагыраагы, 25-30 жаштардагы айымдарда байкалат.

Булар менен кантип күрөшүүгө болот?

Үй тиричилигинин кулу болбоңуз. Айрым учурда китеп окуп же бир аз эс алып уктап алыңыз. Бардык жумушту бир күндө бүтүрүшүм керек деп кара жаныңызды карч урбастан, бир канча күнгө бөлүп пландаштырыңыз. Үй ишиңизди жеңилдете турган тиричилик техникаларын алдырууга аракет кылыңыз.

Милдеттерди бөлүштүрүп бериңиз. Балдарыңыз жаткан жерин иретке келтирип, оюнчуктарын жыйнап, идиштерди жууй ала турган жашта болсо, аларга бул иштерди бөлүштүрүп бериңиз. Ал эми жолдошуңузду болсо таштанды төгүүгө, соода кылып келүүгө жооптуу кылып койсоңуз неге болбосун. Жумуштардын бөлүштүрүлүшү ишиңизди жеңилдетип, мурдагыдай көп чарчабай каласыз.

Көп кечикпей жумушка чыгыңыз! Негизи иштеп жүргөн жумушуңузга дароо чыгып иштеп баштооңуз керек. Анткени ишке киришүү менен социалдык жашоого аралаша баштайсыз. Башында бир аз кыйналып, бирок бат эле көнүп кетесиз.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз. Үйдө отурган учурда билимиңизди бышыктоо үчүн ара-чолодо кесибиңизге байланыштуу китептерди же макалаларды окуп турганыңыз оң. Кез-кезде тренингдерге барып, жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз.

Келбетиңизге жакшы караңыз. Аялзаты өзүнө көңүл буруп, келбетин жакшы алып жүрүүдөн эч убакта эринбеши жана убакытты аябашы керек. Сулуулук салондоруна каттап имиджиңизди өзгөртүңүз. Ошондой эле 2-3 түр жаңы кийим алып, ага аксессуарларды кошууну эстен чыгарбаңыз. Анткени ал нерселер сизге ишеним берип, өзгөлөрдүн көзүнө жагымдуу жана жарашыктуу көрүнүшүңүздү камсыздайт.

Фрилансер. Мында сиз атайын графиги жок эркин жумушчу катары иштеп, кеңсеге айрым учурда гана барып турасыз. Бул сизди бир гана үй тиричилиги менен алектенип отуруп калуудан алаксытат.

Хобби. Билесизби, Джоан Роулинг «Гарри Поттерди» кызы менен жумушсуз үйдө отуруп жазган. Ал эми Агата Кристи чыгармалары үчүн сюжетти идиш жууп жатып ойлоп тапса, Астрид Линдгрен өзүнүн белгилүү чыгармаларын баласын уктатып жатып ойлогон. Мындай мисалдардан бир нече айтууга болот. Сиз да жаңы бир хобби таап, аны менен алек болуңуз. Эч болбосо спорт, бий менен алектенип, кечинде сейилдегенди адатка айлантыңыз. Анткени физикалык активдүүлүк стресс менен күрөшүүгө жардам берет.

Баарлашуу. Адамдар менен баарлашыңыз. Мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат алып, жакшы маанайда гана сүйлөшүңүз. Аны менен катар жаңы демилгелердин үстүндө ой жүгүртүп, айланаңыздагылар менен кеңешип талкуулап көрүңүз. Башкысы, өзүңүздү жакшы көрүүнү үйрөнсөңүз, башкалар да сиздин пикириңизге сый көрсөтө башташат.

Жакшы ой. Жумушка чыгардын алдында позитивдүү ой жүгүртүп, бир багытка бет алыңыз. Бул оор кырдаалдар менен күрөшүүңүзгө жакшы жардам берет. Эгер “колумдан эч нерсе келбейт” десеңиз, эч бир ишиңиз оңунан чыкпайт. Ал эми “баарын аткарууга дараметим жетет” десеңиз, анда ишиңиз жакшы натыйжа берет.

Эң негизгини унутпаңыз! Балалуу болуу менен жашооңузда байкалган айрым өзгөрүүлөрдү кабыл алып, балаңыз сиздин эң чоң бактыңыз экенин унутпаңыз. Сиз жарыкка алып келген наристе – жашооңуздун маңызы. Калганынын баары утурумдук, аларды жөнгө салып алса болот.

Булак: Леди кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here