Бишкек -Ош каттамынын 480-чакырымында үч унаа кагышып, жыйынтыгында алты адам көз жумган мындай билдирүүнү ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.  Кырсык Ноокен районунун Достук айыл аймагында 14-сентябрь күнү саат 22:00дөр чамасында катталган

«Audi үлгүсүндөгү эки унаа жана Hyundai Porter кагышып калган. Окуя болгон жерге ӨКМдин 11 куткаруучусу барган. Жол кырсыктын кесепетинен Audi унааларындагы алты адам каза болду. Алардын бешөө кырсык болгон жерден, бирөө ооруканада көз жумду», — деп айтылат билдирүүдө.

Каза болгондордун сөөгү Кочкор-Ата шаардык оорукананын өлүкканасына,  Hyundai Porter унаасындагы жабыркаган бир адам Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here