Со сетте кадимки «каралардын атасы» аталган Камчы Көлбаевдин тойдо жаш кыз менен эл ортосунда бийлеп жаткан  тасма тарап жатат. Билгендер, ал кызды Колбаевдин кызы дешет. Кызын турмушка узаткан экен. Той «Фрунзе» ресторанында болгон. Күйөө баласынын аты Акбар экени, ал мурунку Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин досунун баласы экени, жаш жубайларга Сатыбалдиев өзү өкүл ата болгону тууралуу айрым маалымат булактар жазып чыгышты. Мына кызык, бул эки адам эки башка чөйрөдө болуп келди эле, эми бул жагы кандай болуп калат?

Бир нече жыл мурун Камчыкең дагы  кызын Жумгалдык досунун баласына турмушка узатканы тууралуу маалыматтар чыккан болчу. Кыязы, ал башка кызы болсо керек…

https://www.youtube.com/watch?v=QsWIVUtHdFs

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here