КСДПнын кыргызга күйбөгөн, кыргыз элин эч качан сүйбөгөн депутаты Ирина Карамушкинанын: » орус тилин мамлекеттик тил кылалы» деген акылга сыйбас сунушу коомчулукта катуу сынга алынып жатат. Ал уялбай ушул сөздөрдү кантип айтты. Анын мындай аракетин ачыктан — ачык эле мамлекетке чыккынчылык кылып жатат деп бааласа болот. Ансыз деле орус тилин Акаев деген кошоматчы, улутка күйбөгөн качкын президент сөрөй эчак Кыргызтанда расмий тил кылып берген. Эми депутат айымга ал аздык кылып, минтип кыргыз элин ачыктан ачык басмырлап жатканы үчүн жооп берсин. Эн жакшысы элибизден, мамлекетибизден алыс болуп, аты — жытын да калтырбай көчүп кетсин түп орду менен… Агарып , көгөргөн, ичкен кудугуна түкүргөн адамдан эч жакшылык күтүүгө болбойт. Анын мындай акылсыздык, элди урматтабаган, уюткулуу улутту басмырлаган аракетине сөзсүз тиешелуу чара көрүлүшү зарыл. Ансыз деле бул айым буга чейин кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, элибизге акаарат келтирип келатат…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here