Беш тилде ырдаган төкмө акын Идрис Айитбаевге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн унаа жана Андижандан үй белек кылды. Президенттердин сыйына татыган акын менен болгон маек назарыңызда.

– Саламатсызбы Идрис мырза, президенттин колунан алган белектериңиз кут болсун!

– Рахмат, президентибиз Алмазбек Шаршенович борбор калаабызга Өзбекстандын президенти баш болгон делегациясын чакырып, расмий иш-чаралары аяктаган соң чай маегинде маданият кызматкерлери өнөрлөрүн тартуулашты. Мен да өзбек тилин билген өнөр адамы катары чакырылдым. Андан мурун эки өлкөнүн премьер-министрлеринин жолугушуусунда ырдагам. Ошол ырдаганым премьер-министрлерге жагып, президенттерге да ырдап бересиң деп суранышты. Эки элдин достугу үчүн өнөрүмдү, өмүрүмдү арнаганга даярмын. Өзбекстандык кыргыз болгондуктан чек арадагы көйгөйлөрдү ыр аркылуу президенттерге жеткирдим. Президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин мага болгон ыраазычылыгы, ошол жердеги кубанычы, коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Миромоновичтин туруп кол чапканы өзгөчө сезим калтырды. Мен үчүн белек эмес, эки өлкөнүн ажолорунун батасы, алардын купулуна толгонум маанилүү. Алган машине бир күнү бузулуп, үйү бир күнү урашы мүмкүн. Мага эки элдин ынтымагына кошуп жаткан салымым бийик турат. Өнөрүмдү сыйлап сыйлык бергендерге Кудай эки дүйнө жакшылык берсин.

– Андижанга барып үйдү, унааны алдыңызбы?

– Ооба, Андижандан экинчи кабаттан 3 бөлмөлүү батир беришти. Унаа экөөнүн тең ачкычтарын алдым, эми документтештирем. Андижандагы туугандар менен бир сыйра майрамдап, батасын алып келдим.

– Беш тилде төгүп элдин оозун ачырдыңыз. Англис жана орус тилдеринде айтышам деп алдын ала пландап алдыңыз беле же баары күтүүсүз болдубу?

– Ар бир чыгармачыл инсан жеке чыгармачылыгында жаңы жаңылык ойлоп тапканга аракет кылат. Ар бир акын өзгөчөлүгү менен элдин оозунда калгыдай болушу керек. Мен да ушул изденүүчүлүк менен көп тил билгенимди пайдаланып башка тилдерде төгүп ырдоого аракет кылып келгем. Максатым — акындык өнөрдү башка улуттарга да таанытуу, дүйнө эли төкмөлүк өнөр тууралуу билсин дейм. Ал эми дал ушул айтышта башка тилде төгүү ниетимде да, планымда да жок болчу. Атаандашым башка тилде да ырда деп сөз ыргыткандыгы үчүн гана жооп катары 5 тилде төгүп салдым.

– Беш тилди бирдей билгениңиз көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты, тилдерди качан, кантип үйрөндүңүз эле?

– Мен Өзбекстандын Андижан областынын, Коргон-Төбө районунда төрөлүп-өстүм. Кыргыз тилдүү балдар бакчасына барып, кыргыз мектепти, андан кийин кыргыз тилдүү лицейди аяктадым. Ал жакта окуу куралдарыбыз да кыргызча болчу. Анан ошол жакта жашап жаткан соң өзбек тилин деле кыргыз тилиндей жакшы билип чоңойдум. 2003-жылы Ош шаарына келип Кыргыз-Өзбек университетинин англис тили бөлүмүн аяктадым. Кийин түрк лицейлеринде англис тилден сабак берип, түрк мугалимдер менен иштештим. Ошентип үйрөнүүгө жеңил болгондуктан түрк тилин деле бат эле өздөштүрүп алгам. Ал эми орус тилин билебиз да.

– Башка тилде айтышуу оңой болбосо керек?

– Албетте, башка тилде төгүү кыйын. Түрк тилдери бири-бирине окшош болгондуктан кыргыз, өзбек, түрк тилдеринде төккөндө кыйналбайм. Бирок англис орус тилдеринде төгүү кыйынчылык жаратат. Ошондуктан англис, орус тилдеринде ырдаганым менен кыргыз тилиндегидей төгө албасымды ачык эле айтайын.

– Айтышта жүргөнүңүзгө канча болду?

– Айтышып баштаганыма 3 жыл болду. 2014-жылы алгачкы жолу чоң айтышка чыккам. Ошондон бери айтыштарга үзгүлтүксүз катышып жүрөм. Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев — менин устаттарым. Бирок алардан башка бардык эле кыргыз акындарын устаз катары кабыл алам. Алардын акындык өнөрүн өз көзүм менен көрүп үйрөнбөсөм да айтышкандарын дисктен көрүп, өзүмө керектүү пайданы алгам.

– Бул өнөр сизде бала кезден эле бар беле же Кыргызстанга келгенден кийин эргүү келип төкмө болупкеттиңизби?

– Бала кезимде ырларды бат эле жаттап алчумун, обондуу ырлардын сөзүн таппай калсам өзүм жамактап кошуп ырдай берер элем. Калем шилтеп да ырларды жазып жүрдүм. Айтор, кенедейимден эле чыгармачылыкка жакын болдум. Бул мага Кудайдын берген белеги окшойт. Үйдө чыгармачылыкка жакын эч ким жок. Атам өмүр бою колхоздо иштеп пенсияга чыкты. Апам мектепте пол жуугуч болуп иштечү. Иним менен эки карындашым деле өнөр жолунан алыс адамдар.

– Өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз?

– 32 жаштамын, жогоруда айткандай, Ошко окуганы келип, окуу жайды бүткөндөн кийин бул жактын жарандыгын алып, үйлөнүп-жайланып Кыргызстанда калып калдым. Ата-энем Андижанда турушат. Ырда айтканымдай, ата-энемди 5 жылга чейин көрбөй калган учурларым болгон. Келинчегим Гүлбара Ноокаттын кызы, мен окуган окуу жайда араб тили бөлүмүндө менден бир курс ылдый окучу. Учурда үч кызыбызды тарбиялап жатат. Азырынча кесиби менен иштей элек. Мен учурда Ош шаарында Бабур театрында директордун орун басары болуп эмгектенем. Ошону менен бирге ата-энелердин, мугалимдердин суранычына жок дей албай мектепте англис тилинен сабак берүүдөмүн.

 

Идрис Айитбаевди үйлүү, унаалуу кылган ырынын мааниси мындай:

…Калктын баары айтышты,
анда калктын дартын айтайын,

Алардын чечилсе маселеси анан үйгө кайтайын.

Башты кесмек бар, бирок тилди кесе албайсың,

Анткени эзелтеден элчинин иши ушундай.

Кантип эле көңүлүңүз калсын бурулбай,

Карапайым калкты кыйнап
жиберди чек ара к
үндө барып-келгени.

Айрыкча бизди кыйнады жанагы телеграмма дегени,

Качан барам энем деп, качан көрөм атамы деп.

Сагынып калып ушундай азып калдым айласыз,

Маселенин кыйыны — жаназаны
тойго деп жазып калдык аргасыз.

Эми ошол дартты жок кылып, эки өлкөнү дос кылып,

Көңүлдөрдү ушинтип ачыш үчүн келгенсиз.

Элдин дартын ушундай басыш үчүн келгенсиз,

Ортодогу чек араны ачыш үчүн келгенсиз.

Анткени өзбек-кыргыз
илгертен тилибиз да окшогон,

Саждага башты койгондо динибиз да окшогон.

Алыш-бериш кылганда базарыбыз окшошот,

Өлгөндө бирге көмүлгөн мазарыбыз окшошот.

Бизди эч ким бөлө албайт, эгерде биз бөлүнсөк

кыямат кайым башталат,

Эми көп ырды дагы айтмакмын, тиги жактагылар
6 м
үнөт беришти.

Бүтүрөсүңбү дегенсип сиз көрбөй
калды
ңыз мага кашын керишти,

Айласыз эми бүтүрүп артты карай кетейин.

Жаккан болсо төккөнүм
калганын Ташкентте ырдап берейин.

Булак: Леди кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here