Бишкек шаарындагы Киркомстром тараптагы таштанды челектин ичинен жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси табылды. Бул маалыматты «Репортер» басылмасына окуяга күбө болгон окурман бүгүн, 14-сентябрда билдирди.
Анын айтымында, таштанды челек Кустанай менен Астрахан тар көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ымыркайды халатка ороп ташташкан.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатат.

Булак: турмуш

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here