Саясатта достук жок, бир гана кызыкчылык бар дегендей,  2010-жылы бир партияда болушуп, 2-3 жылдан кийин бет карашпай, эки жээке кеткен Бакыт Төрөбаев менен Бабанов бириге турганы ЖМКларга жайнап чыга баштады. Төрөбаев кыязы, Мадумаров, Келдибеков, Ташиевден да биротоло үмүтүн үзсө керек. Ошондон улам эски партиялашы Бабанов менен кайрадан биригип, шилекей алышып, тандем түзүп жаткандагысы го. Ал эми Бабановго болсо баарыбир  эмеспи, түштүктөн ким менен болсо да, «баш кошуп»,  башына жолук салынып алууга деле даяр. Бирикпей, иритпей жүргөн Бабанов беле, керек болсо ал мансап үчүн баарына барат.  Арийне, Төрөбаев деле көп ээрден чыккан немедей болуп баратат. Себеби, буга чейин Мырзакматов, жогоруда айткан үч кашабаң менен биригип, бакыт таба алган жок. Эми бактысын кайрадан Бабановдон издеп, ал Президент болсо, мен премьер болуп калайын деп жатканы го. Принцип деген «өлүп» калган бул эки саясатчы, өзгөчө, Бабанов элге ушунчалык жек көрүнүп бүттү. Ал бул  шайлоодо дагы адаттагыдай  бир гана акчасына таянып турат. Эгер Бабановдун ар кимден тартып алган ири бизнестери жок болсо, ал эч ким эмес. Бир байкуш эле болуп калмак. Бабановду таза эмес, байлыгына кызыгып, колдогондор да бир топ. Бирок байлык колдун кири. Элибиз айтат: «Бай чиренсе бир жуттук» — деп. Бабановдун башына деле ошондой мүшкүл айланып келбейт деп ким кепилдик берет? Себеби, анын баскан изи балчык болуп жатпайбы. Төрөбаев аны эң сонун билет, бирок ошондой болсо да мансап кумарына алдырып, бир кезде жүзүн карагысы келбей, желкемдин чуңкуру көрсүн деген Бабановго ыктап турганы жакшы эмес. Ал муну менен утуш албайт. Аброюу түшөт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here