Тажикстандын Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси Дилдор Максудшоев президенттин тик учагын узатып жатып каза тапканын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Кырсык 13-сентябрда Максудшоев президент Эмомали Рахмонду узатып жибергенден кийин болгон. Президенттин вертолету абага көтөрүлгөндө пайда болгон шамал вертолетко жакын турган Дилдор Максудшоевдин бутунун астында турган килемди түрүп кеткен. Килемге кошо оролгон жетекчи, катуу жаракат алып, ооруканага жетпей көз жумган.  Ал 60 жашта болгон.

 

 

l

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here