Көркөмүрөөк айтканда, азыркы абалды «бороон-чапкын башталды го…» деп атап койсок туурасы болор. Кандай атасак да деги жакшылык болсун. Маселе, президенттик шайлоо жөнүндө болуп жатканын түшүндүңөр да…

Ошентип, эгемендик алдык дегенден кийинки төртүнчү президентибиз Алмазбек Атамбаевдин да мөөнөтү бүтөрүнө саналуу күндөр калды. Атамбаев жаман президент болгон жок, эгерде жакшысы менен жаманын таразалай турган болсок, анда жакшы жагы басымдуу болгонун эч кимибиз тана албайбыз. Муну оппозициябыз дегендер- кызматтан куулгандар, коррупционерлер, кызматка илинбей калгандар, чала сабат саясатчылар, атын чыгаргысы келгенден башка тилеги жоктор, соттолгондор, кызмат үчүн ата-энесинин арбагына чейин сатып турчулар, Акаев менен Бакиевдин айтылуу куйруктары… баары-баары да тана албай калышты. Анткени, анын жасаган жакшы ишин көрмөксөнгө салуу такыр эле болбой турган деңгээлге жетти. Анын баарын бул жерде санаштын кажети жок, электрди, газды, жолдорду, кендерди, анан камалып, соттолуп жаткан айтылуу коррупционерлерди эле эстеп коёлу…

Эми кийинки президент да Атамбаевден кем калбаган адам болсо экен деген тилек ар бир ак дил кыргызды тыбырчылатып жаткан кези. Ооба, президенттин азыркы укугу Акаев менен Бакиевдикине караганда аябай эле чектелүү болду.  Азыркы президенттин Конституциябызга жазылган укуктары биртоп чектелген, башкысы- ал бийликти узурпациялай албайт. Негизги бийлик Жогорку Кеңештин колунда. Анын менен бирге аткаруучу бийликтин- Өкмөттүн укуктары да биртоп кеңейди.

Эми биздин азыркы абалда Жогорку Кеңеш тарап  жакшы жыйынтыктарды алып келет деп таккесе айтууга болбойт. Анткени,  бийлик колунда деген Жогорку Кеңештин кейпин кара, кимдерден куралганын кара! Биздин Жогорку Кеңеште чыгаан коррупционерлер, популисттер, кызматтан куулгандар, эт чапкан соодагерлер, криминал менен коюн-колтук алышкандар, интригандар, тилинен чащ чыгып, колунан эч нерсе келбегендер, аялдыгына таянып ажылдагандар, кошоматчылар ж.б. жексурлардын баары бар. Анан ошолор элди кантип башкарат, элге жакшылыкты кантип алып келет?! Жок, жок, алар элге жакшылык алып келе албайт. Бирок, айла жок, болгон парламентибиз бир жакшы жолго түшөр бекен, сапаттуу мыйзамдарды чыгарар бекен, өз мисалында таза жол басар бекен, эл кызыкчылыгын алдыга коюп алып иштер бекен… сыяктуу толгон суроо-тилектер бар, эл ошонун деми менен жашайт.  Жогорку Кеңеште олтургандардын арасында «итке минген» кедейи жок, дээрлик баарынын колунда бар, чириген байлары канча… Эми байлык кууганды тык токтотуп, тобо келтирип, топук кылып, өзүм дегенди таштап, эл үчүн иштеп берсе, эрдик кылгандык деле болбойт, андай болсо жөн гана мыйзам менен иштегендик болот. Ай, бирок, мыйзамчылардын мындай турмушка өтүшү жомоктун бир үзүмүдүр.

Жогорку Кеңеште үмүт этчү жаштарынан бирөө жок, алардын баары эле популист, сайрап турат, керектүү чощдорду көчүгүнөн өөп мактап турат. Жанар Акаев өңдүү адыраңмайлары өзү көтөрө албаган сөз сүйлөп зээнди кейитет… Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу түшүнүгү терең депутаттар өтө эле аз.

Азыр Өкмөт тарап күчтөндү окшоду. Анткени, анын башына жаш, бүткүл абалды- саясий да, социалдык-экономикалык  абалды да мыкты сезип-билген, билимдүү адам келди. Ошол жигитибиз Сапар Исаков. Ал өзүнө окшогон жаш, билдүү, өзүнө жаккан бир катар жаштарды да алып келди. Дагы да убакыт өтсө, Өкмөт курамын тегизи менен жащыртат го деп биз турабыз. Жаңыртсын. Премьер деген чыныгы өз командасы менен иштесин, дүйнө практикасында бул жол туура деп тандалып, өз жемишин берип жатпайбы…

Сапар Исаковдун мыктылыгын Парламентте кызматына бекип жатканда көрдүм, баарыбыз эле көрбөдүкпү.Чыныда эле чощ даярдыгы бар жигит экен! Мен жетекчилерге кошомат кылган жан эмесмин, Исаковго да кошоматым жок. Балдарыма кызмат сурабайм, анткени, алардан эч нерсе чыкпайт, өзүмө да кызматтын кереги  жок, биринчиден, карып калдым, экинчиден, кызматка жарабайм, колуман келбейт, калем өзүмдүкү…  Демек, менин кошомат кыла турган жөнүм жок…

Ооба, Сапар Исаков тыщ жигит экен. Парламентте далай сындуу: коррупционери да бар, кошоматчысы да бар, түлкүдөй куусу да бар, айтор, ар кыл мүнөздөгү депутаттардын не бир түркүн суроолоруна эч такалдбай, эч тартынбай, эч толкунданбай жооп берип жатпайбы, ошол жооптордун аркасында түпкүлүгү бар ишенимди алып келгендей болуп жатпайбы. Бир мугалим окуучулардын ар кандай, бири керектүү, бири тантык, үчүнчүсү -ажыкыс, төртүнчүсү- жагынган  суроолоруна, ошол суроо берген  балдарын эркелете жооп берип жаткандай да сезилди. Ошондо кадимкидей эле дааналанды го: бу жигит биздин мамлекеттин экономикалык, социалдык абалын жадыбалдай жат билет экен, тышкы саясатта го чебер… Анан дагы бул жигит тээ далай жыл өкмөттү башкарып, анын бардык маселелерин дурус чечип жүргөндөй да көрүндү. Кудай буюрса, ушул жолу мыкты премьердүү болдук деп ооз толтура айтсак, жащылышыбыз болбос! Буга чейинки көпчүлүк премьерлерден айырмаланып Сапар Исаков мамлекеттеги бардык маселени тамырынан, өзөгүнөн билип, анан ишке киришти. Демек, жакшылык көп күттүрбөйт! «Кумтөр» менен болгон акыркы сүйлөшүүнү эстейли…

… Президенттикке талапкерлердин тизмесин көрүп алып мындай ой келет да: президенттик шайлоону «шоу» кылбай, олуттуу мамиле кылууга убакыт жетти көрүнөт. Президенттикке талапкер кыргыз тилин билүүсү жөнүндө сынактан өтөт, 30 мищ добуш топтойт, 1 млн сом төгөт. Мына ушул үч талапка негизги- төртүнчү талапты коюш керек, ошол талапкерди чыгаан окумуштуу медиктерден, психологдордон, саясатчылардан турган олутуу комиссия анын адамдыгын текшерип чыксын. Ал апенди эмеспи, келесоо эмеспи, эл дүрбөсө кошо дүрбөгөн кара эшек эмеспи, ашынган  популитст эмеспи ж.б. аныктап берсин. Эң негизги чечим ушулардыкы болуш керек. Азыр кандай? Азыр атабыздын башындай… Келесоонун, шумпайдын, желмогуздун баары эле президентикке коюп жатат. Алар өздөрү беш колундай билет: эч качан президент болуп шайланбайт, андай болууга эч мүмкүн эмес. Бирок, атын чыгарып алууну, дагы бир талапкерге жабышып акча табууну, элита тизмесине кирүүнү гана көздөйт. Жогоруда айтылган комиссия дал ошол наадандардын  тилегин ташка чабыш керек! Ушул талап бышып жетилди!

Эми президенттикке талапкерлердин ичинен үч жигит эл алдында турат. Бул эч кандай социладык суроосу жок эле, эл оозунда ащыз болуп турат. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов. Бул үчөөнүн ичинен Жээнбеков тиги-буга илээшип, жаман кепке калган учуру жок экен, баскан жолу таза дебатышат. Ал эми Бабанов менен Сариевге бир катар жаман кептер жабышкан учурлары бар. Алардын кайсынысы чын, кайсынысы карандай ушак экендигин текшерген эч ким жок. Мен билгеним: Темир Сариев такшалган саясатчы, адамдыгы менен билими жуурулушкан жакшы инсан…

Бул үчөөнүн  президенттикке кимиси өтсө да иштеп кетерине ишенип турабыз. Буюрганы болор…

Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here