Жан дүйнөнүн тереңинен суурулуп чыгып, кайра дал ошондой тереңдикке гана сиңе турган аруу ой, ак тилекти сыр дейбиз. Сырдын аруулугу, аялуулугу, назиктиги өзгөчө. Айрыкча кыз сыры… Жан адамга батынып айта албаган, же ошол айтылбаган бойдон тынчып кала бербей жүрөк өйүп, жан дүйнөнү жанчып турган сырды тарс жарыла жар салып салуу бир аз да болсо жеңилдик берет. Айрым окурмандарыбыздын жан адамга айтпаган сырларын сиздерге шыбыр кылабыз. Аялуу сезимдердин алдыдагы кең келечеги үчүн пикириңизди билдириңиз. Байланыш телефону 0778 58 78 00.

– Мен отуз жаштамын. Атым Зуура. Улуттук Консерваторияны бүтүрүп, оркестрде кыякчы болуп иштей баштагам. Баарынын эле көйгөйү маянанын аздыгы эмеспи. Менде да ошондой болчу. Аз айлык менен ойдогудай жакшы жашоо болбогону мени тажатып жиберди. Ошондуктан тааныштарымдын чет жерге чыгып жакшы иштеп бутуна туруп жаткандары мага катуу таасирин тийгизди окшойт. Мен корей тилине, ал элдин маданиятына кызыкчумун. Ошондуктан Кореяга барып окуп, иштеп келүүнү чечтим. Тилегим орундалып үч айга виза ачтырып, Сеул шаарында окуп калдым. Ырасында бул жер мени өзгөрттү. Кыялыма жетип корей жеринде жүрөм деп бир сүйүнсөм, санаасыз жашоого жетишкениме бир сүйүндүм. Ошентип, ал жерге, мындай жашоого болгон кызыгуум менен визамдын мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргызстанга кайтпай мыйзамсыз жашыруун кала бердим. Жумуш таап иштей баштадым. Бир мейманкананын бөлмөлөрүн иреттеп, полун жууйм. Төрт ай өткөндөн кийин кожойкем маянамды жөн бербей кааласа милицияга карматып жиберерин айтып коркутчу болду. Мыйзамсыз жүргөндөн кийин айлам жок көнүп, дагы беш ай чыдадым. А ал мурункудан да акчамды азайта берди. Көрсө, бул убак менин жыргал жашоом аяктап, бүт жашоомду курутуучу азаптын башталышы болгон экен. Бир күнү ызаланып ыйлап пол жууп жатсам бир киши орусча учурашып, жөн-жайымды сурай кетти. Өзүм араң турган жаным атамды көргөнсүп арманымды төгүп алдым. Ал орто жаштагы өзбек киши экен. Мага боору ооруп аяды окшойт, «бошогондо чал, жардам бергенге аракет кылайын» деп номурун таштап кетти. Эки жарым жума өткөндөн кийин кожейкем адатынча кыйкырып, урушуп, адам ордуна көрбөй басынтып ыза кылды. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин баягы номурга чалып, бошогонумду айттым. Телефондо макулдашкандай мейманкананын кийинки көчөсүнөн жолуктук. Алгач эле арыз-муңумду айтып бышактап алдым. Анан тааныша кеттик. Анын келгенине үч жылдай болуптур. Тилди да, шаар жашоосун да мыкты өздөштүрүптүр. Мен алган маянамды айтсам мыйыгынан күлүп «ал акча жегениңден деле артпайт го?..» деди. Ошентип ал байке мага жардам бермей болду. Ушул айдын айлыгын алгандан кийин мен телефон чалып, анын жардамын көрмөй болдум. Ошол маалга ал өзү жашаган райондон мага жумуш караштырып коёрун айтты. Мен иштеген мейманкананын четки бөлмөсүндө башка өлкөдөн келген төрт кыз менен чогуу турчумун. Эки жарым жумадан ки­йин акчамды алып, кыздарга айтпай, кожойкеге байкатпай качып кеттим. Баягы өзбек кишиге болжошкон жерден жолугуп, анын үйүнө бардык. Ал бир бөлмөлүү үйдө жалгыз турат экен. Мени коноктоп, кечинде керебетин мага бошотуп берип өзү жерге уктады. Уялбай, тартынбай өз үйүмдөй көрүшүмдү суранып, мага чын дилден кам көрдү. Байкуш жаным эркиндикке чыккандай эле болдум. Бир күндөн кийин мага таап койгон жумушка алып барып жайгаштырып, берген убадасына турду. Ал жердегилер капуста жууп иштешет экен. Маянасы жакшы, жетекчиси да адамгерчиликтүү көрүндү. Бирок жатакана бере алышкан жок. Тиги өзбек киши өзүмө башпаанек таап алгыча аныкында тура турсам болорун айтты. Ошентип ата-бабам тааныбаган жерде бөтөн киши менен чогуу туруп калдым. Жумушума акырындап көнүп кеттим. Чогуу иштегендер да жакшы мамиле кылышат. Бир жаман жери жатакана табылбай жатты, табылса да баасы кымбат болуп мурунку эле жерде жашап жаттым. Тиги байкеге ыраазы болуп, тамагын жасап, кирин жууп коюп жүрдүм. Бир айча өткөндөн кийин ал киши кызуураак келди. Анан сүйлөшүп отуруп эле мени жактырарын, Өзбекстандагы аялы менен ажырашарын айтып жагалдана баштады. Мен ага караманча каршы чыгып эртеңден калбай бул жерден кетем деп ызы-чуу салдым. Бирок ойлогонумдай болбоду. Ал мени күчкө салып зордуктап салды. Эртеси мени жумушка жөнөтпөй, өзү да кадам жылбай мени кайтарып отурду. Эми анын аялы экенимди, эч жакка кете албасымды эскертти. Бирок эч кандай кыйынчылык көрбөй барчы­лыкта жашарымды, өмүр бою барктап өтөрүн сайрап жатып акыры көндүрдү. Көнбөскө айлам барбы?.. Качайын десем жолду билбесем, документтерим жок, каражатым тартыш, эми ага кошумча жаным жаралуу…

Ушинтип жок жерден бүлө күтүп, аны менен бир үйдө эрди-катын болуп жашап калдым. Кийин ал мени Кыргызстандагы туугандарым менен байланыштырды. Шаарга эс алууга алып чыкты. Күнүмдүк жашоомдо эч нерседен кем кылган жок, айтор, акырындап ага көнүп кеттим. Эки айдан кийин кош бойлуу экенимди байкадым. Ичим чоңойгуча иштеп жүрдүм. Кийин кыздуу болдук. Анын өзбек аялынан төрт кызы бар экен. Мен төрөгөндөн кийин «сени эркек төрөп берет экен десе…» деп күңкүлдөй баштады. Акыркы күндөрү ичип келчү болду. Бир ирет мен иштеген жердин жетекчиси ага «абдан жакшы иштейт, өзү да жакшынакай, тыкан» деп мени мактаган экен. Ал үчүн да жаңжал чыгара баштады. Ал гана эмес, колу да тийип жүрдү. Баарынан тажадым. Сокурдун тилегени эки көз дегендей оюмдун баары эле эптеп Кыргызстанга качып кетүү болуп жашап калдым. Документтерим да анын колунда эле. Көпкө пландаштырып жүрүп бир күнү ыңгайын таап акча менен кошо документтеримди уурдап алдым. Анан дагы убакыт өткөрүп жүрбөйүн деп качууга биротоло бел байлап мурда Кыргызстанга келип кеткен бир таа­ныш эженин жардамы менен мекениме учуп кеттим. Бир алсыздыгым — ­кызымды таштап качтым. Аны алып кетиш үчүн атасынын уруксаты, дагы башка документтер керек эле. Аны камдоо колумдан келген жок. Ичимден «кантсе да атасы эмеспи, карайт» деген үмүттө болдум.

Келээрин келип алып, анык азапта жашап калдым. Мекениме жеттим деп кубанганым менен тааныштарыма көрүнө албай коркуп да, уялып да бекинип жашап жүрөм. Тогуз ай болуп калган кызымдын кылыктары, ыйлаган үнү мени уктатпай койду. Акыры айлам кетип интернет аркылуу тиги байкеге байланыштым. Болгонун болгондой айттым, ыйладым, сурандым… Бирок ал кызымды караганга убактысы да, шарты да жок экенин айтып жатат. Кайра келсең гана кызыңды аласың, болбосо бирөөгө берип жиберем деп коркутат. Боор этимден жаралган наристеме кантип жетээримди билбей башым маң. Ага кызым үчүн кайтып барганым менен ал мага жакшылык кыларына ишенбей турам. Антип барбай коёюн десем боор этимден бүткөн наристемсиз бүт өмүр кантип жашайм?

Булак:  Леди кж

Зуура

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here