Жалпы коомчулукка белгилүү болгондой бир топ жылдан бери иштеп келген “Дыйкан” базарын бийлик жакында эле жапкан болчу. Анын башкы себеби катары тиешелүү талаптага жооп бербей, мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткандыгы айтылган. Алсак, базардын жайгашкан жери элге ылайыксыз болуп, темир жолдун так түбүндө болгон. Базардын аймагы тар болчу, алуучу-сатуучуларга, базарга кирип чыккан машинелерге абдан эле ыңгайсыздыктарды түзүп келген. Экология маселеси да сакталбай, базардын так кире берише май коючу жай да курулуп калган. Ушундай көйгөйлөрдөн улам “Дыйкан базары жабылып, анын ордуна Манас аэропортуна кеткен (Фучик көчөсү, Жибек –Жолу көчөсүнөн бир аз өткөндө) жолдун боюна Сары-Өзөн-Дыйкан базары ачылган. Бул базарды түптөп, эл үчүн ачып берген, кыргыздын камчыга сап уулу Маркабаев Эрмек Карасаевич. Биз Эрмек мырза менен жаңы ачылган базардын чоо-жайы ж.б. маселелр боюнча маектештик.

-Эрмек мырза, алгач  окурмандарга өзүңүз тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?

-Мен Жети-Өгүз районунда туулуп өскөм. 1996- жылы Казакстанга мигрант болуп кеткем. Ал жакта 2013-жылга чейин эмгектендим. 2013-жылы Кыргызстанга келгем. 2015-жылы “Замандаш” партиясы менен парламенттик шайлоого катышып,бирок буйрук эмес экен, өтпөй калдык. Ошентсе да, элге колдон келген пайдабызды тийгизүү ниети менен иштеп жатабыз.

Эми “Сары-Өзөн” базары тууралуу кененирээк кеп кылалы. Чын эле бул базар эл үчүн бир жакшы жаңылык болуп калды. Башталышы, түптөлүшү, бүгүнкү күндөгү шарттарын уксак…

Базарды 2016-жыл салы баштаганбыз. Ачылганына Кудай буйруса 4 айга жакындап баратат. Эл бул базарды бул убакыттын ичинде жакшы эле билип, кадимкидей көнүп калды. Себеби, биздин базар шаардын ыңгайлуу жеринде жайгашкан. Ичи кенен. Базарда 5 тосмо бар. Машинелер бир тараптуу жолдор менен кенен кирип, чыгышат. Азыр сатуучулардын өздөрүнүн айтуусу боюнча, соода-кирешеси мурунку “Дыйкан” базарына салыштырмалуу 3-4 эсеге өсүп жатат.  анткени бул жерде соода кылганга кыйла ыңгайлуу экенин жогоруда айттым. “Дыйкан базарында болсо бир тосмодон кирип, кайра эле ошол тосмодон чыккан үчүн товар тартып келген чоң машинелерге тыгын болуп, барган элге да ыңгайсыздыктарды жаратчу. Ал тургай айрым учурларда соодагерлердин товарлары өздөрүнүн соода жайына жетпей, бузулуп, чыгым болгон учурларга да жол берилип турчу экен. Эмнеге дегенде, жашылча-жемиштер көпкө сакталбайт да, арасында тез бузулуп кете турган мөмөлөр көп. Биздин базарда болсо андай көйгөйгө жол берилбейт. Бул жерге көчүп келишкенден бери соодагерлерибиз “Дыйкан” базарды ушул ыңгайлуу, кенен жерге көчүрүп берген үчүн ыраазычылыктарын билдирип жатышат.

-Бүгүнкү күндө базарда канча адам соода кылат? 

— Базардын аймагы 15 гектар. Өзүбүздүн салган акча менен 8 жылга ижарага алганбыз. Бул ж.б. маселелердин баары келишимде каралган.  Мен базарга жалпысынан 620 орундук койгом. Анын азыр 35 пайызы толуп калды. Калганы бош турат. Себеби, анткени бул базарда соодагерлер  ар кандай машинелер менен кирип, сатып, кайра чыгып кетишет экен. Ошондуктан, азыр ашыкча коюлган контейнерлерди алып салалы деп жатабыз. Жаздан баштап бул базарга машинелер негизинен түштүктөн, тактап айтканда: Ош, Лейлек, Баткен, Кызы-Кыя, Акысы, Шамалды-Сайдан эрте  бышкан жашылча-жемиштерди тартып келишет. Аларга орундуктун деле кереги жок экен да. Базарга кирип, тез-тез эле дүңүнөн жана чекене түрдө сатып, кайра кетишет. Бирок алардын убагы бүттү. Анткени, Чүй жергесинде жашылча-жемиштер толук бышып, азыр соодагерлер Чүйдүн жемиштерин сатып калышты.  Мурунку “Дыйкан” базарында орун жок болгондуктан жемиштерди машине менен тартып келгендердин баарын киргизе албай, арасынан 10-15 эле машинени киргизчү экен. Калган ондогон машине жемиштин ээлери базар оозунда турган сырттан алып-сатарларга  айласыздан арзан сатып кетишчү экен. Арзан сатпаганда эмне кылат? Жемиш көпкө чыдабаса, бузула элегинде арзан болсо да сатып жиберели дешет да. “Арзандын пулу күйсүн” деген мына ошол да. Ал эми  бир топ арзан алган алып сатарлар болсо, элге эки-үч эсе  баа менен сатышып, орто жолдон жыргашчу экен. Ошолор  базардагы баанын өсүшүнө, арзандашына негизги таасирди тийгизишет да. мисалы, алар 5 сомдон алган товарын 20 сомго чейин сатышат. Биздин базарда болсо мындайга эч бир жол берилбейт. Ким кайсыл жактан товар алып келсе, базардын ичинен кенени кирип каалагандай сата берет. Негизинен биздин базарда эртең менен түшкө чейин жакшы болот. Себеби, Ош, Аламүдүн, Орто-Сай базарларынын соодегерлери, “Глобус”, “Борсок”, “Фрунзе” сыяктуу  ири соода-түйүндөрү жемиштерди сатып кетишет. Түштөн кийн болсо, баягы жалгыз-жарымдап келген эл соода кыла беришет. Айта кетейин, бул базар күн-түн иштейт. Негизи мен базардагы сооданын, иштин жүрүшүн өз көзүм менен көрүп, кемчиликтерди көрүү максатында ишке таңкы 4төрдө келем. Кол алдындагы кызматкерлеримдин маалыматы менен иштебей, өзүм көрүп билген маалыматтардын үстүндө иштейм. Анткени, кызматкерлерим “баары жакшы” дей бериши мүмкүн да.

-Канча адамга жумуш орду түзүлдү?

— Бөлүп- бөлүп айтып берейин. Соодергерлерди эске албаганда, базарда соодагерлерге, алуучуларга кызмат көрсөтүп тачка менен  такай иштегендердин саны 170-180ге жетет. Биз болсо базарга 234 тачка алып келгенбиз. Базардын сыртындагы аймак мага карабайт, бирок ал жерге  келип иштешкен таксисттердин саны угушума караганда 70-80 экен. Алардан тышкары, товар ташый турган “Портер” өңдүү машинелер 30дун тегереги. Базар боюнча бизде 30 короо шыпыргыч бар. 7 күзөтчү, 20 контролёр, администрацияда болсо 10-15 киши иштейт. Жалпылап айтканда 500-600дүн тегерегиндеги адам жумуш менен камсыз болду десек болот го.

— Салык маселеси кандай болуп жатат?

-Базар жаңы ачылганда мэриядан соодагерлер 3-4 айга чейин салык төлөбөй, эл көнгөнчө бекер иштесин деп айтышкан. Биз болгону кирип-чыккан машинелерге 20 сомдон төлөтөбүз. Андан тышкары, машине менен кирип, жемиштерин сатып кеткендер да өзүнчө төлөшөт.  Айтылган убакыт, берилген мөөнөт бүтүп баратат. Эми 1-октябрдан баштап салык кызматынын кызматкерлери келип, соодагерлердин соода аянттарын ченеп, талапка ылайык салыкты төлөтө башташат. Негизи дыйкан жемиштерди өзү өстүрсө, ал тууралуу  айыл өкмөттөн справка алып келсе, анда ага салык төлөбөйт. Мыйзам боюнча ушундай. Салыштырмалуу  бул базардагы орундуктар “Дыйкан”  базарына салыштырмалуу арзан болот. Эсептөөлөргө караганда кээ бир жерлерде салык маселеси 30-40 пайызга чейин арзан болуп калат экен. Кыскасы, салык маселесинен эл дагы кыйналбагыдай болушу керек да.

Алдыдагы пландарыңыз кандай? Базарда башында сиз ойлогондой шарттар түзүлдүбү?

-Пландарыбыз чоң. Бул базарды болушунча гүлдөтүп, элге абдан ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Бул негизги максат да. Чынын айтыш керек. Башында мен ойлогондой шарттар азырынча базарда толук түзүлө элек. Бирок жаңы башталганга карганда, кыйла жакшырып калды. Учурда базардын аймагынын 80-90 пайызына асфальт бастык. Бул иштерди дагы күчөттөбүз. Жамгыр башталса, эл контейнерге кирип соода кылып калат, ошону менен базар ичи да акырындык менен иреттелип баштайт.

-Коомчулукка белгилүү эле болуп турат.Жабылган  “Дыйкан” базарын кайра ачуу талабы менен кожоюндары, айрым адамдар силерди, силердин базарды жамандап, ар кандай кептерди ЖМКларга айтып жатышат. Мындан башка да кандай тоскоолдуктар бар? Бул боюнча эмне дейсиз?

-Бизге эч кандай деле тоскоолдук жок. Бийлик бизге бут тоскон жок. Муну баса белгилеп айтып коюшубуз керек. Ал эми мурунку “Дыйкан” базарын колдомуш этип жаткандар деле өз максаттарына жетүүнүн амал кылышып, ар кандай кадамдарга барып жатышканын мен желе ЖМКлардан окуп калып жатам. “Дыйкан” базары  эмне үчүн жабылды? Коюлган талаптар аткарылган жок, ошон үчүн жабылып калды?  8 жылдан бери базардын ичине шарттарды түзүү керек болчу. Мисалы, жолдорду асфальттап, жанагы мыйзамсыз салынып калды деген май куючу жайды алыстатып курдуруп ж.б. иштерди жасап койсо, ким тийишет эле? Татынакай иштей бермек да, туурабы? Азыр митинге чыккан аялдардын баарына биз айтканбыз, кирип соодаңарды кыла бергиле деп. Алар тынч иштей берүүнүн ордуна базардын тегерегиндеги кошуналарга кирип, анча-мынча акча таратып, кайра митингге чыга койгула, кол коюп бергиле, анткиле, минткиле деген болбогон иштер менен алек болуп жатышыптыр. Алардын мындай аракеттерин ошол эле кошнуларыбыз кайра бизге айтып жатат. Көрсө, аларга улам барып тажата берсе, айтышат. Мисалы, жакында базардын  ачылганына 3 ай болду. Биз аны бир аз белгилеп, анча-мынча ырчыларды чакырып, концерт койдуруп, сый тамак уюштурдук. Ошол учурда да бизди көрө албай жаткандар ар кандай аракеттерге барып жатышканын биз угуп жаттык, көрүп жаттык. Каршы болуп жаткандардын  ичинен базардын жанында өзүнүн дүкөндөрү бар 2-3 аял бар экен. Алардын соодасы өтпөй калды да. Себеби, дүкөндө кымбат, базарда арзан. Чыныда базардын тегерегиндеги элге жакшы эле болуп калды. Алар мурун батирлерин 5 миң сомго  ижарага бере албай жатса, эми базарда иштегендерге 10-1з миңге чейин ижарага берип жатышат. Мындан башка да кызмат көрсөткөндөр аз эмес. Базар деген – бул кичинекей мамлекет да…

(Уландысы бар)

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here