Кара-Балта шаарында эки өспүрүм 8 жаштагы баланы зордуктоого шектелүүдө. Жабырлануучунун тууганынын айтымында, 8 жаштагы баланын апасы уулунун жай айында эле бушайман болуп жаткандыгын сезген. Бул учурда баласынын маанайы жаман болуп, өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Апасы кийин анын геморрой менен ооруп жаткандыгын билип, ооруканага алып барган. Дарыгелер баланын энесине ич катып калган учурда дагы анын геморройу мындай болбошу керектигин айтышкан.

Эне уулунан эмне болгондугун сураган. Бирок баласы көп ынандыруудан кийин гана окуянын чоо-жайын айтып берген.

«Кошунанын 11 жана 13 жаштагы балдары алар менен «ата жана апа» деген оюнду ойношчу экен. Баланын айтымына караганда, бул оюнду жарым жылдан бери ойношуп, эки өспүрүм аны ата-энесине айтпа деп коркутушкан», — деди тууганы.

Үй-бүлөнүн тууганынын билдиргенине караганда, бул окуяны уккан кошуналар ызы-чуу болуп, ал тургай эки өспүрүмдүн ата-энесин башка жерге көчүүсүн талап кылышкан.

«Бирок көп өтпөй баары тынчыды. Бул окуяны шаарда дээрлик баардыгы билишет. Жардам сурап кимге кайрылыш керек? 8 жаштагы бала азыркы тапта ооруканада, катуу стресске кабылган. Тиешелүү медициналык экспертизалардын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Зордуктоого шектелген өспүрүмдөрдүн биринин атасы прокуратурада иштейт, деп элдер айтып жатышат. Ал эми, экинчи баланын атасы камактагы адам экен. Бул балдардын бири үйүндө билим алса, экинчиси мектепте окуйт», — деп кошумчалады ал.

Булак: «turmush.kg»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here