Аргентинада 11 жаштагы кыздын туулган күнүн белгилеп жаткан учурда торттун үстүндөгү отту үйлөп өчүргүчөктү, атайын даярдап турушкан суюк серпантинди балдар чачып жиберишкен. Серпантин торттогу өчө элек жалындан тутанып натыйжада кыздын башын өрт каптап кеткен. 11 жаштагы кыз канчалык деңгээлде жабыр тартканы тууралуу маалымат берилген эмес. Бирок видеодон тез эле өрттү өчүрүп калышканын көрүүгө болот. Маалыматты Daily Mail басылмасы чыгарган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here