Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда дайынсыз жоголгон 1,5 жаштагы баланын денеси даараткананын чуңкурунан табылды. Бишкек ШИИБдин билдирүүсү боюнча, баланын жоголгону тууралуу Ленин РИИБге кечээ, 12-сентябрда маалымдалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, түшкө жакын бала үйдүн короосунда ойноп жүргөндө апасы үй иштери менен алектенип жаткан. Бир аз убакыттан кийин баласын таппай калган эне алгач кошуналарынан сураштырып чыгып, андан кийин гана милицияга телефон аркылуу кабарлаган.
Милиция кызматкерлери баланы издөө иштерин жүргүзүп, алгач ошол аймактагы адамдарды суракка алуу менен жакын аймакты тинтип чыгышкан. Бирок издөө иштери натыйжа берген эмес. Кечинде саат 19:30 чамасында гана даараткананын чуңкурун кайталап текшерип, баланын жансыз денесин таап чыгышкан.
Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here