Үгүт иштери менен  башталып,  “лапшагон” саясатчы-талапкер элди кадимкидей тажатып, кыжырдантып баштады. Айрыкча, эки эмес, бир нече жүздүү Өмүрбек Бабановдун убадалары, көчөгө илген жарнактары кызуу талкууга түштү. Бир гана акчанын күчүнө таянып иш кылган Бабанов Бишкекке модель кыздан бетер өзүнүн сүрөттөрүн жайната илип, ага “Алдыга жол!” деп бадырайта жазган. Алмуздактан бери эле адамзаты алдыга умтулуп келатат. Эч качан артка кетейин деген бирөө болгон эмес. Бабанов ошону билбейби. Ачылыш жасап жаткансып, “алдыга  жол” дегени эч эле акылга сыйбайт. Сөздүн маанисине караш керек да, эптеп эле урдура бербей…

Деги эле, “алдыга жол”  деген сөз Бабановго түк жарашпайт. Себеби, бул адам элди ойлогон эмес. Жеке гана өзүн ойлоп, рейдерлик жол менен бизнесин көбөйтүп келатканын эл жакшы билет. Буга далил катары “Восст” нефти компаниясы, “РИОМ” деп атап алган мурунку “Азамат” авто базары, Шарипа Садыбакасованын  “Кыргызстан” банкын айтсак болот. Анан өндүрүшкө делген мамлекеттин 17 млн. долларын аты жаман “Азия молл” деген супер маркетине жумшап жатса, наркы 380 млн. доллар делген цемент заводун Кыргызстанга курбай, Пензага куруп, ошол жака миллиондогон салык төгүп, 100дөгөн орустарды жумуш менен камсыз кылып жатса, анан кантип, элге “алдыга жолду” көрсөтөт. Аман эле болсун, элге залакасын тийгизбесе экен. Ансыз деле элибиз мындай “лапшагондордон”  эчак тажап бүткөн.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here