Кыргызстанда той берем деген адам карыздаса дагы акча табат, бирок ар дайым эле убагында жана шар кутулуп кетпейт.

Стол ийилген дүйүм тамактар, шатыра-шатман коноктор, шайыр тамада, түгөнбөгөн тосттор… Албетте, мунун баары той ээси эртеси «Алтын балык» жомогундагы кемпирдей жыртык тепшини кучактап калбаса абдан жакшы көрүнүш.

Банктан 250 миң сом алып, эки тойду бир берген Жамал Асанова (аты өзгөртүлдү — ред.) жакшылыгынан жарым жыл өтүп-өтпөй инсульт илдетине чалдыккан. Азыр каарманыбыздын бир ыптасы кыймылдабай, келиндин багуусунда экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине бейтаптын сиңдиси Марал айтып берди.

«Эжем былтыркы күздө небересинин бешик тоюн, кичүү уулунун үлпөт тоюн берем деп банктан насыя алган. Пайыздык төлөмдөрүн кошкондо бир жыл бою айына 25 миң сомдун тегерегинде акча төлөп турмак. Эмнегедир той өзүн актабай калып, карызды өз чөнтөгүнөн төлөш керек болду. 2-3 ай төлөгөндөн кийин кыйнала баштады. Мугалимдин айлыгы менен айына 25 миңди кантип төлөйсүң? Жаңы үй-бүлө курган балдары дагы акчалай жардам бере алган жок. Ошентип бешинчи айга келгенде эжем инсульт болуп жыгылды», — деди сиңдиси.

Асанова учурда бирөөнүн жардамысыз эч нерсе кыла албайт. Ал эми карыздан кутулуу үчүн колундагы уул-келини апасын улуу баласынын үйүнө жеткирип, Россияга иштегени кетишиптир.

Ушул сыяктуу каржылык жана башка оор жагдайларга кабылбаш үчүн мүмкүнчүлүк жок болсо той бербей эле койгон туура экенин финансы боюнча консультант Искендер Шаршеев айтат.

«Адам бул тойдун аркасынан канча акча келерин толук түшүнүшү керек. Анткени той бүгүнкү күндө өзүнчө бизнес болуп калды. Биздеги тойлорго коноктордун 40 пайызы өзүнүн жеген тамагынын акчасын көтөрө барат. Ал эми катыштары жетишсиз болуп калса, бир топ акча жок болуп кетет», — деди Шаршеев.

Анткен менен финансист адам конокту өзүнүн чөнтөгүнө ылайыктап тоссо, иш-чаранын эч кимге зыяны тийбей, пайда гана алып келерин кошумчалады.

«Той, бата алуу — бул жакшы нерсе. Тойдо карым-катнаштар бекемделет, акчалай катыштар жанданат. Кафе-ресторандардын иши жүрүшүп, айыл-чарба продукциялары, мал сатылат. Экономикалык көз караш менен караганда, мындай той мамлекетке дагы пайдалуу. Ошондуктан кыйналбай туруп бир торпок сойгонго гана алы жетчү адам жылкыга аракет кылбай эле торпогун сойсо туура болот. Бирок бул жерде конокко келгендер дагы сын-пикирден алыс болуп, шартты түшүнүү маданиятын калыптандырышы зарыл», — деди ал.

Шаршеевдин пикиринде, той жакшы бизнес эмес, анткени биздин тойлордо ысырапкорчулук көп, бул акчанын 50-60 пайызын абага чачып ийгенге барабар. Ошол себептүү үй-бүлөнүн бюджетинде кошумча акча пайда болмоюнча той өткөрүүнүн пайдасы жок.

Дээрлик бардык банктар тойго кредит берет

Кыргызстанда иш алып барган 25 банкка кардар катары кайрылып көргөнүбүздө, анын ичинен үчөө гана той-ашка насыя бербей турганын айтышты. Экөө кредиттин эч бир түрүн сунуштабайт. Ал эми калганы керектөөчү насыянын алдында кардарлардын жакшылыктарын каржылап беришет. Керектөөчү насыянын шарттары боюнча банктардын арасынан эки-үчөө беш жылдык мөөнөт менен 5-8 миллион сомго чейин насыя беришет. Басымдуу бөлүгү үч жылга 100-150 миң сомдун тегерегинде каржылоону сунушташат.

Шарттары кадимкидей, өздүктү тастыктаган документтер, киреше тууралуу жана жашаган жериңден маалым кат керек. Суммасы азыраак болсо бир-эки адамдын кепилдиги, чоңураак болсо күрөөгө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк коюлат.

Үстөк пайызы боюнча айтсак, сом менен берилчү насыялар 13-33 пайыз менен (бирок 13 пайыздык насыялар 1-2 гана банкта, көпчүлүгү 20 пайыздан жогору), доллар менен 13-22 пайыздан берилет.

Кайсы региондордо насыя көп алынат?

Кыргызстанда жакшылык-жамандыкка насыя алгандардын сап башында Ош шаары турат. Анда ар бир алтынчы насыя жамандык менен жакшылыктарга жумшалат экен. Ал эми жалпы Ош облусун алганда болгону үч пайызды гана түзүп, өлкө боюнча эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет. Муну БУУнун калкты жайгаштыруу фонду жыл башында эсептеп чыккан.

Статистикага караганда, той үчүн насыя алгандардын көбү 20 жашка чейинки кыз-келиндер — бул курактагы адамдар алган ар бир жетинчи насыяны тойго жумшайт.

Ал эми эркектер арасында насыя алгандардын көбү 70 жаштан ашып калгандар — алар алган ар бир онунчу насыяны тойлорго сарптайт.

Булак: Спутник кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here