Дал ушул маалымат өзбек маалымат каражаттарына жарыяланып, кызуу талкууланып жатат. Маалыматта:  Өзбекстандын коопсуздук кызматынан генералдары президент Шавкат Мирзиёёвди Бишкекте өлтүрүүнү көздөшкөн, бирок Кыргызстандын атайын кызматтары бул кылмышты токтотуп калышканы айтылат. Муну белгилүү өзбек эксперти Усман Хакназаров бышыктап, маалымат берген. Ал Кыргызстандын УКМКсынын кабары боюнча 2-сентябрда «ИГИЛ”дин активдүу мүчөсүн колго түшүрүшкөнүн айткан.  Жан кечти — террорчу Өзбекстандын президентине Бишкекке келген кезде кол салууну максат кылыптыр. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындык экенин бир Кудай билбесе, биз биле албайбыз. Бирок кандай болгон күндө да, бекер жерден кеп чыкпасы бештен белгилүү эмеспи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here