-Бүгүн Чүй районунун тургундары менен Токмок шаарында жолугуп келдим. Абдан жылуу тосуп алышты. Жолугушуубуз пландаштырылгандан бир аз созулуп кеткенине карабастан, убактысын аябай жолугушууга келип, калоо-тилектериңиз жана колдоо сөздөрүңүз менен бөлүшүп кеткендериңиз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Мыйзамсыз бир нерсе кылып жаткансып коридордо милиция кызматкерлери турду. Мугалимдер, дарыгерлер жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине ушул сыяктуу жолугушууларга барбагыла, катышпагыла деп уруксат бербей жатат деп уктум. Мен деле бийликте иштедим, бирок эч качан, эч бир шартта мындай нерсеге барган эмесмин.

Элдерди коркутуп эч качан гүлдөгөн Кыргызстанды кура албайбыз. Анткени, эркин жарандар гана күчтүү мамлекет кура алышат!

Дагы бир жолу бардык тапакерлерге калыс жана бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керектигин баса белгилеп кетким келет.

Жеңишке бирге!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here