Учурда Кара-Суу шаарында болгон жергиликтүү шайлоо боюнча нааразычылык арбын айтылууда. Мыйзам бузуулар көп болду. Бажы кызматынын орун басары «Раим миллион» Матраимов болуп көрбөгөндөй өзүм билемдик кылды дешип ызырынган партия лидерлер. Маселен, «Республика» мандатка ээ болбой калып , Өмүрбек Бабанов «Раим бирди көрөсүң» дегендей эле кекетти. Демек жаза тайып Бабанов бийликке келип калса, шору шоподой катат го? Же акча менен баарын чечип көнүп калган эргул жолун таап, суудан кургак чыгабы? Ишенич жок. Бабановдон башка Алтынбек Сулайманов дагы каарын төгүүдө. Анткени анын «Бир бол» партиясынан 47 талапкер ат салышса , 13 добуш араң алыптыр. «Ошондо талапкерлер өздөрү- өздөрүнө добуш бербеген болот экен. Бул эмне шумдук»- деп, Алтынбек мырза чачын жулууда. Раим караңгы жерден кабылса, тумшугу канжалаган ташиевдин  кейпин кийбесе болду….

Балким  андан жаман болот. Алтынбектин алдында сынып, шемендеси чыгат го.

Булак: фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here