Азимбек Бекназаровго Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 15-августунда Башкы прокуратурадан УКМКга мурда интернетке тараган Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаровдун аудио жазуусу келген. Ал аудиодо Азимбек Бекназаров Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендиги айтылган.

Мындан сырткары, УКМКга «comment. kg» маалымат сайтынын жетекчиси Роза Айткулова Бекназаровго карата чара көрүүнү суранып кайрылган. Ал өз арызына Бекназаров менен сүйлөшкөн видеону дагы тиркеген. Аудио жана Видео Казакстандын Алматы шаарында көз карандысыз эксперттер тарабынан текшерилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, аудио жана видео монтаждалбагандыгы далилденген. Натыйжада, учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here