Президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталды. Ажолукка талапкер Өмүрбек Бабанов программасы менен тааныштырып жатып, экономиканы өнүктүрүү боюнча убада берип, ал үчүн 4 кадам жасай турганын белгиледи. Кыргызстандын азыркы Конституциясында президент экономикалык маселелерге кийлигише албайт, аны өкмөт башчысы колго алат. Ошондо Бабанов жөн эле элди алдап жаткан жокпу?

—          Мен мындай убадаларга таптакыр ишенбейм. Жеке өзүм Конституциялык кеңешмеге мүчө болуп, анын иштелип чыгышына аралашкам. Андыктан президенттин экономиканы түздөн-түз көтөрүү боюнча ыйгарым укуктары жок. Эгер Бабанов “мен” деп төш какпай, “партиям аркылуу ушундай реформаларды жасаймын” дегенде ишенсек болот эле.

—          Өмүрбек Бабанов Кыргызстанды тездик менен өнүккөн 10 мамлекеттин катарына кошом деп жатат. Буга ишенсек болобу?

—          Эми буга ким ишенсин? Эгер ал адам укуктарын коргоймун, бардык жарандар тең укукта жашайт, мыйзамдуулук биринчи орунда болот десе эл ишенмек. —          Анда Бабанов жада калса президенттин укуктарын билбейт деп бүтүм чыгарсак болобу? —          Мындай убада берип жаткан адам өзүнүн келечектеги укуктарын толук билбегендик. Же президенттин фуңкцияларын көбөйтүп, өзүм гана башкарам деп ыйгарым укуктарды ашырып жаткандагы аракети катары баалайм.
Булак: Багыт.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here