Үйлөнүү тойго аз калганда кош бойлуу түгөйү каза болуп калган мырза өлгөнүнө карабай ага той берип баш кошкон. Бул тууралуу L!FE порталы маалымдайт.
Тцай Шанг-Чен нике шакегин табыптын ичинде жаткан келинчегинин колуна салган. Ал учурда мырзанын достору, туугандары көздөрүнөн жаш алып карап турушкан. 23 жаштагы Чен И-Чи боюндагы баласына 5 ай болуп калганда, скутерден кулап каза болуп калган.
Түгөйлөр алдын ала фото сессия жасап,сүрөттөрүн чыгарганга жетишишкен- бул көрүнүш Тайванда салтка айланып калган.
Өлгөн кыз менен болгон үйлөнүү той түгөйлөрдүн туулган жери Юаньлин шаарында өткөн. Үйлөнүү кечесинде мырза Шанг-Чен сүйгөнүнүн колунан алтын шакек тагынган.
Келген коноктордун сезимдери ар кандай болгон: бири келин менен коштошуу ызасын тартып жатса, бири тойдун болуп жатканына таң калып жатышкан. Тирүү калган күйөөсү бул кечени сүйгөнүм үчүн эстелик болсун деп уюштурдум деген.