Чүй облусунун Аламүдүн районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган молдо кармалды.
Бул туурасында АКИpress агенттиги Чүй Облустук ИИБ басма-сөз кызматына шилтеме менен билдирүүдө.
Маалыматка караганда 2017-жылдын 9-сентябрында болжол менен саат 17:30дар чамасында Кайырма айылында 1951-жылы туулган Б.К., аттуу молдо жолдон өтүп бара жаткан 8 жаштагы кызды токтоткон.
«Кыздын айтымында, ал киши аны кысып, денесин кармаган. Жанындагы кыз, ал жерден качып, башкаларды жардамга чакырган», — деп билдиришкен милициядан.
Маалым болгондой, кыздын ата-энеси тарабынан арыз түшүп, тиешелүү экспертизадар дайындалган.
Биринчи жүргүзүлгөн медициналык кароо боюнча кыздык белгиси бүтүн экендиги аныкталган, бирок денеси кызаргандыгы белгилүү болгон.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
kundemi.kg