Чагылган: Бүгүн кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыковду окуй жайдын онго жакын  кызматкери коррупцияга айыптап, маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар:  «Канат Садыков келгени коррупция өстү, жөнү жок акча чогултуулар болуп жатат» деп айтып  президентке, өкмөт башчыга ага карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдошкону маалым болду. Клара Сулайманов аттуу доцент:  «Ректор Садыков Жээнбековдун агасы каза болгондо жамааттан акча чогулткан, ошондой эле  иш сапарларына да акча чогултат» деп агынан жарылды. Буга чейин мындай чыркырган чындык айтал элек болчу.

Негизи эле Канат садыков 4 жылга жакын Билим берүү жана илим министрлигин жетектеп, начар иштеп, коомчулуктун катуу сынан кабылган. Аны көпчүлүк «балык эмес, же  эт эмес » деп сыппаттап келишет. Ал ректор болгондо да катуу сындар айтылганына карабастан бийлик тараптан колдоо болуп, шайланып кеткен болчу. Эми минтип көп өтпөй, окуу жайдын жамаатын нааразы кылып олутрат. Садыковду айыптагандар акча чогултуудан тышкары, анын өң-тааныштык менен, туугандарды кызматка дайындап, мыйзамдарды да одоно түрдө бузуп жатканын кошумчалашты. Бийлик эми бул чындыкты айтып коңгуроо кылгандарды угуп, калыстык кылабы, же аларды куугунтук кылабы? Ректор Садыков болсо, тоң моюндук кылып, бул айтылгандарды караманча таанып, четке кагары турган иш. ага чындык эмес, кызмат баарынан кымбат турат эмеспи…

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here