Бүгүн, «Орион» мейманканасында ажолукка талапкер Темир Сариевдин  шайлоо алдындагы «Ийгиликке бирге» аттуу өлкөнү өнүктүрүү программасынын бет ачаары болуп өттү.

Программанын негизги багыттары: 

1) Мамлекеттик башкаруунун баардык тармактарында мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу.

2) Мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу.

3) Евразиялык вектор – тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт.

4) Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык секирикти камсыз кылуу.

Мындан сырткары, өлкө башчынын ишмердүүлүгү ачык болуп, ар дайым эл алдында жүргүзгөн иш-чаралары, кабыл алган чечимдери боюнча маалымат берип турушу керек экенин баса белгилептир.

Ажолукка талапкер Темир Сариев программасын сунуштап жатып буларга токтолду:

«-Эгерде мен кудай буйруп президент болуп келсем, 100 күн ичинде өлкөдөгү коррупциянын очогу болгон мекемелерди ирээтке келтирип, коррупционерлерди тазалайм, бөлүнүүнү токтотуп, кыргыз элин бир муштумга бириктирип, улут аралык ынтымакты ширетем. Ал эми саясатка келсек, бизнес менен саясатты ажыратам, бизнесмен бизнесин кылсын, алар саясатты жамынып алып мамлекеттин казынасына төлөнүүчү салыктардан качып, өлкөнү эмес, өздөрүн гана ойлогондор. Парламенттке чыныгы билимдүү, накта саясатчылар келүүсүнө шарт түзөм. Коррупционерлерди парламентке жолотпойм. Мамлекеттик кызматкерлерди кыска убакыт ичинде жаап жашырган байлыктарын, акчаларын ачыкка чыгартам. Мындай тажрыйбаны коңшу мамлекеттер да колдонууда. Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдоого жол бербейм. Айрым талапкерлер бийлигине, акчасына таянып чыгып жатса, мен элиме таянып чыгып жатам.» — деп билдирди.

Бирге, кол кармаша жеңишке карай! Бирге!

Бириксек колдон келет!

ЧЫНДЫК

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here